Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык кызматчыларын ротациялоо тартиби жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 307, 2026-жылдын 31-январындагы № 26, 2026-жылдын 15-сентябрындагы № 329 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын системасында административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларды (мындан ары - кызматчылар) ротациялоонун шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын системасында кызматчыларды которуу же жылдыруу. Ротациялоо кызматчы которулуп же жылдырылып жаткан кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарга ылайык келүү шартында жүргүзүлөт.
Ротациялоо - бир кызматчыны бош кызмат ордуна которууда же жылдырууда; бир нече кызматчыларды которулуп же жылдырылып жаткан кызматчылардын кызмат орундарына которууда же жылдырууда жүргүзүлөт.
3. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;
2) кызматчылардын дараметин туура пайдалануу;
3) карьералык мотивациясын жогорулатуу;
4) бош кызмат ордун ээлөө;
5) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын кооптуулугун төмөндөтүү.
4. Ротациялоонун түрлөрү:
1) мамлекеттик органдын ичинде;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичинде;
3) мамлекеттик органдардын ортосунда;
4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда;