Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

2022-жылдын 24-марты ПЖ № 88

Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы № 393 "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 1998-жылдын 20-январындагы № 22 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2002-жылдын 28-мартындагы № 71 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Жарлыгы;

4) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 20-октябрындагы № 179 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 1991-жылдын 5-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыктарын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Жарлыгы.

3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров