Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги ПЖ № 110 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| |
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-мартындагы ПЖ № 88 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруунун тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруунун тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы (мындан ары - Мамлекеттик сыйлык) коомдун жана мамлекеттин алдында илимий ишмерлердин сиңирген эмгегин эң жогорку деңгээлде таануу болуп саналат.
Мамлекеттик сыйлык Кыргыз Республикасынын илим күнүнө карата эки жылда бир жолу ыйгарылат.
3. Мамлекеттик сыйлыктар төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) мамлекеттик тилди сактоого жана өнүктүрүүгө, статусун жогорулатууга өбөлгө түзгөн көрүнүктүү илимий эмгектер үчүн (илимдин бардык багыттары боюнча) - Касым Тыныстанов атындагы мамлекеттик сыйлык;
2) ата мекендик илимди олуттуу түрдө байытып, табигый, техникалык жана гуманитардык илимдерди өнүктүрүүгө, кыргыз илимин жана техникасын дүйнөдөгү алдыңкы жетишкендиктердин деңгээлине чыгарууга орчундуу салым кошкон илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыктары үчүн;
3) экономиканы жана социалдык чөйрөнү инновациялык өнүктүрүүнү, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоону камсыз кылган жаңы техниканын үлгүлөрүн жана прогрессивдүү технологияларды иштеп чыккандыгы үчүн;
4) мамлекеттик сырга кирген маалыматтарды камтыган экономиканын ар кандай тармактарындагы принциптүү жаңы буюмдарды, технологиялык процесстерди түзгөндүгү жана иштеп чыккандыгы үчүн.
Ар бир Мамлекеттик сыйлыктын өлчөмү 250000 (эки жүз элүү миң) сомду түзөт, Мамлекеттик сыйлык республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
4. Илимий ишмерлердин илимди өнүктүрүүгө кошкон салымынын маанилүүлүгү илимий жетишкендиктеринин деңгээлин (келечектүү илимий милдеттерди чечүү, жаңы илимий багытты же илимий мектепти түзүү) жана алардын илимий изилдөөлөрдөн алынган жыйынтыктарды андан ары колдонуу потенциалын эске алуу менен аныкталат.
Илимий ишмерлердин иштеп чыгууларга кошкон салымынын маанилүүлүгү жаңы техниканын иштелип чыккан үлгүлөрүнүн жана прогрессивдүү технологиялардын илимий-техникалык деңгээлин, алардын эл аралык рынокто атаандашууга жөндөмдүүлүгүн, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну, ошондой эле иштелип чыккан үлгүлөрдү жана технологияларды киргизүү масштабын эске алуу менен аныкталат.
5. Эгерде Мамлекеттик сыйлыкты изденип алууга көрсөтүлгөн эмгектердин арасынан татыктуулары табылбаса же изденүүчүлөрдүн саны мамлекеттик сыйлыктардын санынан аз болсо, анда мамлекеттик сыйлыктар тиешелүү түрдө ыйгарылбайт же аз санда ыйгарылат.