Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

 

Тиркеме

 

 

(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-майындагы ПЖ № 155 Жарлыгына)

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкармасы) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийген жана отчет берген мамлекеттик орган болуп саналат.

2. Иш башкармасы өз компетенциясынын чегинде, мыйзамдарда белгиленген тартипте төмөнкүлөрдүн ишин камсыз кылууну жүзөгө ашырат:

- Кыргыз Республикасынын Президентинин;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын;

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин (мындан ары - Жогорку Кеңеш);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасы);

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарларынын (мындан ары - Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары);

- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы);

- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын (мындан ары - Жогорку Кеңештин Аппараты).

(КР Президентинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы ПЖ № 291 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

3. Иш башкармасы өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарына жана тескемелерине, Жогорку Кеңештин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.

4. Иш башкармасы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банктарда жана башка финансылык мекемелердеги эсептерине (анын ичинде эсептик), ага бекитилип берилген мүлккө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы жазылган мөөргө жана штамптарга, белгиленген үлгүдөгү бланктарга ээ.

5. Иш башкармасынын чектик штаттык саны Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленет.

6. Иш башкармасынын түзүмү жана штаттык ырааттамасы Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу (мындан ары - иш башкаруучу) тарабынан бекитилет.