Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 20-майы ПЖ № 158

Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана авиациялык каттамды өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Президентинин 2024-жылдын 28-октябрындагы ПЖ № 308 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жана өнүктүрүүнү камсыз кылуу, өлкө ичинде жана эл аралык линияларда калкты авиациялык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүүнүн жана авиациялык каттамды өнүктүрүүнүн маанилүү милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелсин:

- жарандык авиация жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылуу;

- жарандык авиациянын уюмдарынын ишин мамлекеттик жөнгө салуунун, контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;

- экономиканын жана калктын жүргүнчүлөрдү, багажды, жүктөрдү жана почтаны аба аркылуу ташууга муктаждыктарын канааттандырууга көмөк көрсөтүү, авиациялык атайын иштерди жана жарандык авиация жаатындагы кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрүн камсыз кылуу;

- коопсуз, үзгүлтүксүз жана натыйжалуу аба ташуулары, авиациялык атайын иштер, жарандык авиациянын кызмат көрсөтүүлөрүнүн рыногун өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- жарандык авиация чөйрөсүнө Эл аралык жарандык авиация уюмунун стандарттарын жана сунуштаган практиканы (мындан ары - ИКАО) киргизүү;

- ИКАО жана жарандык авиация жаатындагы башка эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын билдирүү жана коргоо;

- Европа Бирлигинин "кара тизмесинен" чыгуу боюнча иш-чараларды өткөрүү, ИКАО эксперттеринин отчетторунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чараларды ишке ашыруу, учуу коопсуздугуна байланышкан ИКАОнун бардык стандарттарын, тиешелүү жол-жоболорду аткаруу, нускамалык материалды жана учуулардын коопсуздугун камсыз кылуунун негизделген практикасын колдонуу;

- жарандык авиациянын аба каттамдары маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен келип чыгуучу милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу;

- жарандык авиация жаатында экономикалык, илимий-техникалык жана инновациялык саясатты ишке ашыруу;

- жарандык авиацияда атаандаштыкты өнүктүрүү жана жарандык авиация уюмдары көрсөтүүчү кызматтарды пайдалануучулардын кызыкчылыктарын коргоо;

- Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүүгө багытталган чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

- эл аралык жана ички багыттарда жаңы аба каттамдарынын линияларын ачуу;

- туризмди өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын курорттук зоналарына ички авиарейстерди уюштуруу;