Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси
(КР Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы ПЖ № 371 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси (мындан ары - Этика кодекси) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, коррупцияга каршы аракеттенүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат боюнча маселелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыкты, ошондой эле коомдун жалпыга таанылган адептик принциптерине жана ченемдерине негизделген.
2. Этика кодекси мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызматчыларына, ошондой эле мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жок болгон кызматчыларынын кызмат орундарын убактылуу ээлеп жаткан адамдарга да жайылтылат (мындан ары - кызматчылар).
2. Кызматчылардын этикасынын негизги принциптери
3. Кызматчынын этикасы - бул кызматчынын жүрүм-турумунун эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин системасы. Этиканы сактоо ар бир кызматчынын милдети болуп саналат.
4. Кызматчы этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш:
1) ар дайым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин калыптандыргандай, сактагыдай жана бекемдегидей кылып өзүн алып жүрүү;
2) өз кызыкчылыгында пайда көрүүгө жетишүү жана мыйзамсыз байып кетүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөө;
3) сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын позициясын түшүнө билүү;
4) башка кызматчылар тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүү;
5) өзүнө баш ийген адамды укуксуз чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;
6) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;
7) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу;
8) үрп-адаттарга жана каада-салттарга сый-урмат менен мамиле кылуу;
9) өзүнүн кызматтык ишине кимдир бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат ордуна жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөө;