Редакцияот 29.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 29-майы № 31

Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылындагы эски мечиттин ордун мыйзамдаштырып берүү жөнүндө

Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылынын атуулдарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап. Жалал-Абад облусунун мусулмандардын дин башкармалыгынын уруксат барагына жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесинин 3-пунктуна таянып Акман айылдык Кенешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл аймагынын Кош-Коргон айылындагы эски мазардын жанындагы мечиттин ээлеп турган 0,15га жер аянты ажыратып берилсин.

2. Токтомду аткаруу жагы Акман айыл округунун башчысы М.Көкөновго жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Сопуев