Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 1
Республикалык бюджеттен түшкөн акча каражатын бөлүштүрү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмунүн башчысы Т.Суванованын салыктын түшүп кетүүсүнөн (выпадение налога), республикалык бюджеттен берилген акча каражатын жумшоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Салыктын түшүп кетүүсүнүн (выпадение налога) негизинде, республикалык бюджеттен берилген 308,0 мин сом ( үч жүз сегиз мин) акча каражатын айыл аймактын электр энергияга болгон карызына төлөө үчүн бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдыкКеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |