Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 3
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмунүн башчысы Т.Суванованын суу жээктерин бекемдөө керектиги жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагындагы суу жээктерин бекемдөө үчүн “Терек-Сай Тазалык” ишканасы менен келишим түзүлүп, жергиликтүү бюджеттен иштетилбей калган калдыктын эсебинен 105,2 мин сом(бир жүз беш мин эки жүз) өлчөмүндөгу акча каражаты бөлүнүп, которулуп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдыкКеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |