Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 5
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмунүн башчысы Т.Суванованын Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “ Бүчүр” балдар бакчасынын курулуш иштери башталып жаткандыктан, техникалык көзөмөл жүргүзүү үчүн адам жалдоо керектиги жөнундөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “ Бүчүр “ балдар бакчасынын жаны курулуп жаткан имаратынын курулушуна көзөмөл жүргүзүү максатында технадзордун айлык акысы 65,0 мин сом (алтымыш беш мин) өлчөмүндөгү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |