Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 6
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмунүн башчысы Т.Суванованын жалпы республикалык масштабда кара малдарды идентификациялоо иштери жүргүзүлүп жаткандыктан, Чаткал РВФКБнын башчысы Ж.Жолдошевден Терек-Сай айылдык аймагында кара малдарды идентификациялоо иштерине атайын буйрук менен оператор кызматына адам алуу керектиги жөнүндө атайын кат келгендигин айтып өттү. Эгер депутаттар оператор кызматына макул болсонуздар, айлык акысынын өлчөмүн белгилеп берүү жөнүндө жана вет. адис Ш.Каратаевдин келишиминин мөөнөтүн узартуу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу кара малдарды идентификациялоо иштерин жүргүзүү үчүн оператор Жаныбек кызы Наргизага айлык акысы 5,5 мин сом (беш мин беш жүз) өлчөмүндө белгиленип берилсин.
2. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу бардык айыл ичиндеги малдарга өз убагында эмдөө жүргүзүү үчүн вет.адис Ш.Каратаев менен 2017-жылга карата келишим түзүлсүн жана айлык акысы 3,0 мин ( үч мин) сом өлчөмүндө белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |