Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 7
Терек-Сай айылдык айыл аймагынын жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жайыт жөнүндогү мыйзамына ылайык, Терек – Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2016-жылы аткарган иштери жана 2017-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Терек-Сай айылдык аймагынын жайыт комитетинин 2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 274327 мин сомго айтылган сунуш пикирлерди эске алуу менен бекитилсин.
3. 2017-жыл үчүн жайыт салыгына өзгөртүүлөр киргизилсин.
А) айылдык аймактан чыккан мал-жандыктарына: кара мал –жылкыга-65 сом, кой-эчкиге-12,90 сом.
Б) башка айылдык аймактан чыккан мал-жандыктарга: кара мал-жылкыга 150 сом, торпок-кулунга-75 сом, кой-эчкиге-30 сом,козу-улакка -15 сом өлчөмүндө жайыт салыгы алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |