Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 8
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагында 9-май Жениш майрамын 72 жылдыгын жогорку деңгээлде белгилөө үчүн түзүлгөн иш чараларга керектелүүчү акча каражаты жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн, угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагында 9-май Жениш майрамынын 72 жылдыгын белгилөөгө карата түзүлгөн иш чараларга 40,0 мин сом (кырк мин) акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн .
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |