Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-апрели № 12
Эшалы болуш көчөсүнө балдар бакчасынын проектисин баштоо жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургундарынын балдары үчүн бала бакча салып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык КеңешининVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Эшалы болуш көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен бала бакча куруу үчүн долбоор даярдатуу жана долбоорго керектелүүчү акча каражаттарын бөлүп берүү белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдыкКеңештин өнөр жай, транспорт жана курулуш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |