Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-майы № 2
Иштетилбей калган калдыктын (свободный остаток) эсебинен акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу айылдарга санариптик телеберүү орнотуу үчүн контейнер орнотуу жана ичин керектүү эмеректер менен жабдууга сарпталуучу акча каражатын бөлүштүрүп берүү жана “Тазалык Терек-Сай” ишканасына аткарган жумуштары үчүн акча каражатын которуп берүү жөнүндө Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Суванованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек – Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу айылдарга санариптик телеберүү орнотуу үчүн 6 м контейнерди 3 метрден 2ге бөлүп, ремонттоо кызматын жана электр чубалгыларын туташтыруу (монтаждоо) кызматын аткаруу үчүн “Тазалык Терек-Сай” муниципалдык ишканага 147282 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын каржы бөлүмүнүн башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Төрага | Алымкулов Н.А. |