Редакцияот 12.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

2017-жылдын 12-июну № 15

Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Бүчүр” бала- бакчасынын жаңы имаратынын технадзорунун эмгек акысын чечип берүү жөнүндө

Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Т.Суванованын кайрылуусун угуп жана талкуулап карап чыгып Жергиликтүү Кеңешинин 2017-жылдын 12-июнундагы VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагына караштуу “Бүчүр” бала-бакчасынын жаңы имаратынын технадзоруна аткарган жумушунун көлөмүнө жараша эмгек акысын төлөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 315150 (үч жүз он беш миң бир жүз элүү) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын

 

Төрага

Алымкулов Н.А.