Редакцияот 24.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

 

2017-жылдын 24-ноябры № 12

Терек-Сай айылдык аймагындагы фирмалардын жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүн боюнча соц.пакетти Терек-Сай айыл Өкмөтүнүн эсептик счетуна которуу жөнүндө

Терек-Сай айылдык аймагындагы фирмалардын жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча соц.пакетти Терек-Сай айыл Өкмөтүнүн эсептик счетуна которуу боюна Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жергиликтүү Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Терек-Сай айылдык аймагындагы фирмалардын жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгү боюнча соц.пакетти Терек-Сай айыл Өкмөтүнүн эсептик счетуна которулсун.

2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевге жүктөлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Төрага

Каипов М. Э.