Редакцияот 30.10.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Дара айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы

 

2019-жылдын 30-октябры №61

Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-февралындагы №11 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Дара айыл аймагынын айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясы Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 16-сентябрындагы №11/107919сандуу каршылык билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап Дара айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Баткен райондук прокуратурасынын 2019-жылдын 16-сентябрындагы №11/107919 сандуу каршылык билдирүүсүнүн (протест) негизинде Дара айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2018-жылдын 26-февралындагы №11 сандуу токтому жокко чыгарылсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, административдик жана текшерүү иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

М.Султанов