Редакцияот 30.08.2005
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
                            КР Президентинин               2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына                         ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-августундагы ПЖ № 341              КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ              Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун           жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун ишин             материалдык-техникалык жана финансылык жактан                камсыз кылууну оптималдаштыруу жөнүндө      Кыргыз Республикасынын  Конституциясынын 84-статьясына ылайык жанаКыргыз Республикасынын Конституциялык Сстунун,  Кыргыз  РеспубликасынынЖогорку  Сотунун көзкарандысыз жана натыйжалуу иши үчүн зарыл шарттардытүзүү,  ошондой эле алардын ишин материалдык-техникалык жана финансылыкжактан  камсыз  кылууну андан ары оптималдаштыруу максатында токтом кы-лам:     1. Кыргыз  Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Сотунун ишин материалдык-техникалык жана  финансы-лык  жактан камсыз кылуу аталган органдар тарабынан өзалдынча жүргүзүлөтургандыгы белгиленсин.     2. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин материал-дык-техникалык  жана  финансылык  жактан  камсыз  кылууну   андан   арыөркүндөтүү  жөнүндө"  Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2001-жылдын19-октябрындагы № 300 Указынын 1-пунктуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кирги-зилсин;     - экинчи абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун,Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун,  Кыргыз Республикасынын ЖогоркуАрбитраждык сотунун" деген сөздөр алып салынсын;     - үчүнчү  абзацта "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраждыксотунун" деген сөздөр алып салынсын;     - төртүнчү  абзацта "жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Арбитраж-дык сотунун" деген сөздөр алып салынсын.     3. Кыргыз  Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленгентартипте:     - Кыргыз  Республикасынын  Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Сотунун балансына төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:     Кыргыз Республикасынын  Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык Сотун жана Кыргыз  Республикасынын  ЖогоркуСотун тейлеген кызматкерлеринин штатын:     Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз  Респуб-ликасынын  Жогорку Сотунун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу финансы-лык материалдык-техникалык жана башка мүлктү;     - төмөнкүдөй сунуштарды даярдасын жана киргизсин:     Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын түзүмүн жанаштаттык санын өзгөртүү:     Мамлекет башчынын ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка  ылайыккелтирүү боюнча.     4. Кыргыз Республикасынын Конституциялык Соту жана Кыргыз  Респуб-ликасынын Жогорку Соту белгиленген тартипте:     - төмөнкүлөрдү өз балансына кабыл алсын:     Кыргыз Республикасынын  Президентинин Иш башкармасынын Кыргыз Рес-публикасынын Конституциялык Сотун жана Кыргыз  Республикасынын  ЖогоркуСотун тейлеген кызматкерлеринин штатын;     Кыргыз Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз  Респуб-ликасынын  Жогорку Сотунун ишин камсыз кылуу үчүн колдонулуучу финансы-лык, материалдык-техникалык жана башка мүлктү.     5. Кыргыз  Республикасынын Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Сотунун Төрагаларына  эки  айлык  мөөнөттө  КыргызРеспубликасынын  Конституциялык Сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жо-горку Сотунун аппараттарынын  түзүмүнө  жана  штаттык  санына  тийиштүүөзгөртүүлөрдү киргизүү сунуш кылынсын.     6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:     - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу,  финансылык жана башка ма-селелерди чечсин;     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.     7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациялык Жетекчисине жүктөлсүн.     8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев