Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 23-майы № 16-27

Жер тилкеси жөнүндө

“Мээнет-Аламүдүн” МИнин жетекчилигинин катын угуп жана талкуулап, өндүрүштүк базаны кеңейтүү жана бекемдөө максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө “Мээнет-Аламүдүн” МИге гараж жана кызматтык турак жай куруу үчүн жер тилкесин бекитип берүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко