Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 23-майы № 17-27

Акча каражатын бөлүү жөнүндө

Мээнет-Аламүдүн МИнин жетекчилигинин катын угуп жана талкуулап, өндүрүштүк базаны кеңейтүү максатында Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛДЫ:

1. Аламүдүн айыл өкмөтүнө “Мээнет-Аламүдүн” МИге гараж жана кызматтык турак жай куруу үчүн берилген сметага ылайык акча каражатын бөлүүгө уруксат берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко