Редакцияот 23.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

2017-жылдын 23-майы № 18-27

Турак үй куруу үчүн жер тилкесин конкурстук негизде жеке менчикке өткөрүп берүү жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Кольбаевдин Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсүнүн түндүн-батыш бөлүгүндөгү муниципалдык жер тилкесин өткөрүп берүү жөнүндө маалыматын угуп, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 29-беренесин жетекчиликке алып, Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турак үй куруу үчүн Аламүдүн айылы Гидрокуруучу көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн түндүн-батыш бөлүгүндөгү муниципалдык жер тилкесин бөлүштүрүүнүн натыйжасында түзүлгөн аянтын жалпы аянты -1,47 га, далдаштыруу коду7-01-03-1001-4005, аянттары 3264,1 м2; 907,82 м2; 3748,03м2; 882,48м2 муниципалдык жер тилкелери тоорукка коюлсун.

2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Филимоненко