ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-июлундагы ПЖ № 246 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө» жарлыгы

Редакцияот 20.07.2022
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

2022-жылдын 20-июлу ПЖ № 246

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 96-беренесинин 3-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 29-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча токтом кылам:

1. Ысык-Көл облустук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырып жаткан Абдыбеков Алдаярбек медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталган ден соолугунун абалы боюнча судьянын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жөндөмсүздүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров