Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 1-августу ПЖ № 266
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө
(КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401, 2023-жылдын 6-апрелиндеги ПЖ № 88, 2023-жылдын 24-апрелиндеги ПЖ № 109, 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190 , 2026-жылдын 31-январындагы № 25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29
Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү, ошондой эле алардын эмгегине дем берүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган минималдуу базалык ставка 7040 сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
3) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык;
4) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына атайын класстык чен жана класстык чен үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү 4-тиркемеге ылайык.
(КР Президентинин 2023-жылдын 22-июнундагы ПЖ № 163 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына төмөнкүлөр төлөнөт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн үстөк;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштин жашыруун мүнөзү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте окумуштуулук даражасы үчүн үстөк;
4) иштин татаалдыгы, сапаты, иштин жыйынтыгы, кесиптик демилге көрсөткөндүгү жана ченемге салынбаган иштин режими үчүн төмөнкүдөй тартипте үстөк:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын борбордук аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын аппараттарынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү кеңештеринин муниципалдык кызматчылары үчүн - кызматтык маянасына 50 пайызга чейинки өлчөмдө;
- мамлекеттик органдардын ведомстволук бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары жана Кыргыз Республикасынын облустук жана райондук маанидеги шаарларынын мэрияларынын жана жергиликтүү кеңештеринин муниципалдык кызматчылары, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын аймактык бөлүмдөрү үчүн - кызматтык маянасына 25 пайызга чейинки өлчөмдө;
- мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик жарандык кызматчылары, айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, республикалык маанидеги шаарлардын мэрияларынын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жана бөлүмдөрүнүн аймактык түзүмдөрүнүн муниципалдык кызматчылары үчүн - кызматтык маянасына 10 пайызга чейинки өлчөмдө;
5) өргүүгө чыкканда эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө ден соолукту чыңдоого жөлөкпул;
6) (КР Президентинин 2022-жылдын 21-декабрындагы ПЖ № 401 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)