Бишкек шаары
2001-жылдын 20-июну № 53
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө
2001-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
(Кыргыз Республикасынын
2003-жылдын 24-июнундагы № 114,
2007-жылдын 26-февралындагы № 21,
2009-жылдын 22-октябрындагы № 284,
2016-жылдын 25-июлундагы № 135,
2020-жылдын 23-мартындагы № 29,
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I Бөлүм. Жалпы жоболор
II Бөлүм. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу
жана кайра калыбына келтирүү жаатындагы мамлекеттик
башкаруу
III Бөлүм. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу
IV Бөлүм. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана
сарамжалдуу пайдалануу
V Бөлүм. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттеринин мамлекеттик
кадастры жана анын корголушуна жана пайдаланылышына
көзөмөл
VI Бөлүм. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана
пайдалануу маселелери боюнча талаштарды чечүү
VII Бөлүм. Корутунду жоболор
Өсүмдүктөр дүйнөсү Кыргыз Республикасынын баа жеткис кенчи, биос-
феранын экологиялык тењ салмактуулугунун маанилүү фактору, жаратылыш
чөйрөсүнүн көрүнүшүнүн жана ландшафттык ар түрдүүлүгүнүн ажырагыс эле-
менти, күн энергиясынын жана биологиялык массанын ири топтоочусу, жер-
деги кислород булактарынын бири, агын сууларды, аба массасынын жана
кыртыштагы эрозия процесстеринин температуралык режимин жөнгө салуучу
болуп саналат.
Өсүмдүктөр дүйнөсү Кыргыз Республикасынын жарандарынын руханий,
материалдык керектөөлөрү жана ден соолугун чыњдоо үчүн корголууга жана
сарамжалдуу пайдаланылууга тийиш.
Ушул Мыйзам өсүмдүктөр дүйнөсүн натыйжалуу коргоону, сарамжалдуу
пайдаланууну жана ресурстарын кайра калыбына келтирүүнү камсыз кылуу
үчүн укуктук негизди белгилейт.
I Бөлүм
Жалпы жоболор
1-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу тууралу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары
Кыргыз Республикасындагы өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдала-
нуу чөйрөсүнө тийиштүү мамилелер "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Мыйзамы, Токой кодекси, ушул Мыйзам жана башка ченемдик
укуктук актылар менен жөнгө салынат.
2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери же жаратылыштын өсүмдүктөр ре-
сурстары - жапайы өскөн өсүмдүктөрдүн төмөндөгү бардык түрлөрү: жер ас-
тындагылар жана жер үстүндөгүлөр, анын ичинде тамырлар, уруктар,
гүлдөр, чөптөр, дарылык жана техникалык өсүмдүктөрдүн сырьелору, жапайы
мөмө-чөмөлөр, грек жањгагынын, мистенин, чычырканактын, сейрек кез-
дешүүчү жана жоголуп бараткан өсүмдүктөрдүн мөмөлөрү, жыгач
өсүмдүктөрү, жыгач өсүмдүктөр топтору, бадалдар, ийне жалбырактуу
өсүмдүктөр, камыштар, ошондой эле мох сымалдар, сууда өскөндөр, козу
карындар, эњилчектер жана мына ушул сыяктуулар. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн
объекттери төмөндөгүлөргө бөлүнөт:
- багыттары боюнча - тамак ашка, тоютка, дары-дармекке, техникалык
багытка;
- жайылышы боюнча - массалык түргө, чектелип жайылгандарга, чанда
кезигүүчүлөргө, жок болуп бараткандарга.
Өсүмдүктөр дүйнөсү (өсүмдүктөр) - составы, структурасы, абалы жана
мааниси боюнча ар түрдүү өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн же ар кандай фитоце-
ногенездин бөлүмүнө жана пайда болуш мезгилине бириккен, жерди же анын
айрым аймактарын каптап турган, ар кандай табигый өсүмдүктөр шериктеш-
тигинин саны менен айкалышы, анын жайылышы, структурасы жана динамика-
сы, ошондой эле өсүмдүктөрдүн өсүү формаларынын жыйындысы аркылуу
мүнөздөлгөн өсүмдүктөр тобунун жыйындысы.
Өсүмдүктөр тобу - түрдүк курамы жана түзүмү бири бири менен, айба-
наттар жана курчаган чөйрө менен татаал өз ара алаканы шарттаган бир
кылка аймакта өскөн өсүмдүктөрдүн жайылышынын жыйындысы.
Өсүмдүктөр (өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектиси катары) - күндүн энер-
гиясын пайдалануу менен органикалык эмес бирикмелерден органикалык зат-
тарды синтездөөгө жөндөмдүү болгон, спора, урук жана вегетативдик
бөлүктөрү аркылуу көбөйүүчү организмдер (козу карындарды, балырларды,
мохторду, эњилчектерди, папоротник сымалдарды кошуп алганда).
Топ - бир кылка аймактын чектериндеги ар кандай функционалдык
мүнөздөгү организмдердин жыйындысы.
Лимит - биологиялык ар түрдүүлүктү бузбоону эске алуу менен анык-
талган өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин алуунун чектелип белгиленген
саны.
3-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу
жана калыбына келтирүү жаатындагы принциптер
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо жана сарамжалдуу пайдала-
нуу боюнча иш чараларды, ошондой эле алардын өсүү чөйрөсүнө же ошол
объектилердин абалына таасир тийгизүүчү иш чараларды пландаштырганда
жана ишке ашырганда төмөнкү принциптерди сактоо зарыл:
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коммерциялык максаттарда акы
төлөп пайдалануу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине келтирилген зыяндын ордун
толтуруу жана ал каражаттарды келтирилген зыяндын ордун толтурууга жум-
шоо;
- жапайы өсүмдүктөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн жана алар пайда
кылган өсүмдүктөрдүн жаратылыштык тобун табигый шартта сактоо;
- жапайы өсүмдүктөрдүн жана алар пайда кылган өсүмдүктөрдүн таби-
гый тобунун чөйрөсүн коргоо;
- корголууга муктаж болгон жапайы өсүмдүктөрдүн сейрек кездешүүчү,
жоголуп бараткан, ошондой эле жергиликтүү, реликтилик жана башка
түрлөрүн калыбына келтирүү жана жайылуусунун бир бүтүндүгүн сактоо;
- өсүмдүктөрдүн табигый ресурстарын илимий негизде пайдалануу жана
кайра калыбына келтирүү;
- калктын ден соолугун коргоо, курчап турган жаратылыш чөйрөсүн
жакшыртуу жана эл чарбасын өнүктүрүү максатында өсүмдүктөр дүйнөсүнүн
сууну сактоочу жана кыртышты коргоочу, кыртышты түзүүчү жана калыбына
келтирүүчү, рекреациялык жана башка пайдалуу касиеттерин колдоого алуу;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин өрттөн, селден, эрозия про-
цессинен жана башка табигый кырсыктан, ошондой эле бүлүндүрүүчүлөрдөн
жана илдеттерден коргоо;
- жандуу жаратылышка жана эл чарбасына зыян келтирүүдөн сактануу
максатында жапайы өсүмдүк түрлөрүнүн жайылышын жана көбөйүшүн жөнгө са-
луу.
4-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттери
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн бардык объекттери, төмөндөгүлөрдү камтуу ме-
нен корголууга жана сарамжалдуу пайдаланууга тийиш:
- жапайы өскөн өсүмдүктөр (жер астындагы жана жер үстүндөгү
бөлүктөрү - тамырлар, уруктар, гүлдөр, өсүп чыккан чөптөр, дарылык жана
техникалык өсүмдүктөрдүн сырьелору, жапайы мөмө-чөмөлөр, грек жањгагы-
нын, мистенин, чычырканактын, чанда кезигүүчү жана жоголуп бараткан
өсүмдүктөрдүн мөмөлөрү, жыгач өсүмдүктөрү, жыгач өсүмдүктөр топтору,
бадалдар, ийне жалбырактуу өсүмдүктөр, камыштар), ошондой эле мох сы-
малдар, балырлар, козу карындар жана эњилчектер;
- жогоруда аталган өсүмдүктөр пайда кылган өсүмдүктөр тобунун бар-
дык түрлөрү.
5-статья. Кыргыз Республикасынын жаратылышындагы өсүмдүктөр
дүйнөсүн пайдалануу
Кыргыз Республикасында Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсү
Кыргызстан элинин жашоосунун жана тиричилигинин негизи катары пайдалда-
нылат жана мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турат.
6-статья. Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо, пайдалануу
жана кайра өнүктүрүү жаатындагы жеке жана юридикалык
жактардын укугу жана милдеттери
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жана юридикалык
жактар төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- жапайы өскөн өсүмдүктөрдү жок кылууга жана бүлүндүрүүгө, алар
чыкчу чөйрөнү булгоого, өрт коопсуздугунун эрежелерин бузууга жол бер-
бөө менен өзгөчө корголууга алынган жаратылыш аймактарынан башка мамле-
кеттик жана муниципалдык менчиктеги жаратылыштын өсүмдүктөр тобунда
ээн-эркин жүрүүгө;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектисин белгиленген тартипте пайдалану-
уну ишке ашырууга;
- дары өсүмдүктөрүн (валериана, теңге гүл, шалфей, шафран, ферула,
аконит арнебия, кызгылт родиола, мыя, чычырканак, ит мурун, бөрү
карагат, кийик от, ромашка, сары чай чөп, лаванда) өндүрүштүн айыл
чарба ыкмасы менен культивациялоо жана өстүрүү боюнча иш жүргүзүүгө;
- өзүнүн менчигинде турган жана мыйзамдуу түрдө даярдаган (жыйна-
ган) өсүмдүктөр дүйнөсүнүн продукциясына, ошондой эле аны сатуудан
түшкөн кирешелерге ээлик кылууга;
- пайдалануучулардын укугун бузуунун же өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объ-
ектилеринин мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрү үчүн тартып алуулар-
дын кесепетинен келип чыккан чыгашалардын (колдон чыгарган пайданы ко-
шуп алганда) ордун толтурууну талап кылууга;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилери менен чектешкен жерлерди мели-
орациялоого байланышкан маселелерди чечүүгө катышууга.
Жеке жана юридикалык жактар төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоо жана пайдалануу боюнча
мыйзамдарда жана башка ченемдик актыларда белгиленген талаптарды сакто-
ого;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилеринин өсүп чыгуучу чөйрөсүн на-
чарлатууга жол бербөөгө, жапайы өсүмдүктөрдүн сырьелорун жыйноодо жана
даярдоодо жаратылышты коргоо технологиясын сактоого;
- жаратылыштын өсүмдүктөр тобунун бүтүндүгүн бузбоого, алардын ар
түрдүүлүгүн сактоого көмөктөшүүгө, чөптөрдүн (дарактардын), уруктардын,
мөмөлөрдүн, башка продукциялардын түшүмдүүлүгүн көтөрүүгө;
- өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерине мамлекеттик кадастрды жана
мониторингди жүргүзүүнү ишке ашырган мамлекеттик органдарга ар тараптан
жардам берүүгө, өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объектилерин коргоого жана пайда-
ланууга көзөмөл жүргүзүүгө;
- карантин коюлган, чырмоок түрүндөгү өсүмдүктөргө, жапайы
өсүмдүктөрдүн бүлүндүрүүчүлөрүнө жана илдеттерине, суу менен шамалдан
кыртыштын эрозияга тушугушуна, жер кыртышынын сазданышына, суу басышы-
на, туз басышына, булганышына, кунарынын качышына жана башка процесс-
терге каршы күрөшүү боюнча иштерди жүргүзүүгө;
- жаратылыштын өсүмдүктөр ресурстарын коммерциялык максаттарда
пайдалангандыгы үчүн акыны өз учурунда төлөөгө;
- башка жаратылыш ресурстарынын абалын начарлатууга жол бербөөгө;
- арендаторлордун, башка убактылуу пайдалануучулардын, ошондой эле
өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин чектеш пайдалангандардын укуктарын
бузбоого;
- турак жай зоналарына жана социалдык объекттерге жанаша жайгашкан
аймактарда аконит өстүрбөөгө;