КР Президентинин 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 160 Жарлыгына ылайык) |
Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлүнүн (мындан ары - атайын өкүл) кызмат орду Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмаларынын алкагында тышкы саясат, эл аралык, региондук жана улуттук коопсуздук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгелерин активдүү илгерилетүү максатында уюштурулат.
2. Атайын өкүлдүн кызмат орду саясий мамлекеттик кызмат орун болуп эсептелет.
3. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
4. Атайын өкүл өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Атайын өкүл Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет жана ага жооптуу.
2. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары
6. Атайын өкүлдүн негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын Президентине өзгөчө тапшырмалардын алкагында тышкы саясат маселелери боюнча демилгелерди ишке ашырууда белгиленген тартипте көмөк көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын Президентине өзгөчө тапшырмалардын алкагында эл аралык, региондук жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өз ара аракеттенүү менен көмөк көрсөтүү.
7. Атайын өкүлдүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктары бар:
- ушул Жобонун 6-пунктунда белгиленген милдеттерге ылайык;