КӨК-ИРИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХХХVI сессиясы
2020-жылдын 30-марты № 1
Көк-Ирим айыл аймагынын жайытына Сузак, Базар-Коргон райондорунун малдарын киргизбөө жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин IV шайланган депутаттарынын кезектеги ХXXVI сессиясы:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Ирим айыл аймагынын жайытын деградациядан сактоо жана COVID-19 илдетин алдын алуу максатында Сузак, Базар-Коргон райондорунан келүүчү малдын бардык түрүнө 5 (Беш) жылга мароторий киргизилсин.
2. Сузак, Базар-Коргон райондорунун малдарын киргизбөө боюнча иш алып баруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Капаров Жээнкулга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көмөк көрсөтүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Эпеев Кадырбек Молдожумаевичке милдеттендирилсин.
Төрага | С.Топоев |