Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2000-жылдын 21-январы № 36
Дене тарбия жана спорт жөнүндө
(КР 2011-жылдын 18-ноябрындагы № 219, 2012-жылдын 25-июлундагы № 133, 2012-жылдын 25-июлундагы № 134, 2013-жылдын 15-январындагы № 4, 2013-жылдын 1-июнундагы № 87, 2016-жылдын 23-апрелиндеги № 50, 2018-жылдын 16-февралындагы № 23, 2020-жылдын 18-июлундагы № 82, 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 55, 2023-жылдын 14-апрелиндеги № 90 , 2024-жылдын 22-июлундагы № 135 , 2025-жылдын 21-январындагы № 21 , 2026-жылдын 28-июлундагы № 128 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасында дене тарбия жана спорт адамдарды дене тарбиясы жактан талаптагыдай өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруунун, ар бир адамга таандык болгон тубаса сапаттарды жана аны менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү ар тараптан өркүндөтүүнүн негизинде Кыргызстандын элинин саламаттыгын сактоого багытталган. Дене тарбия жана спорт инсандын коомдук жактан активдүүлүгү менен мүнөздөлгөн руханий жана адептик сапаттарын тарбиялоо, ар бир адамды эмгектенүүгө, коргоого жана коомдук иштердин башка түрлөрүнө тийиштүү даражада даярдоону камсыз кылуу менен ажыралгыс тыгыз биримдикте болот.
Ушул Мыйзам спортсмендерди дене тарбия жагынан даярдоо системасын уюштуруунун, иштетүүнүн жана башкаруунун негизги принциптерин белгилейт жана аларды жүзөгө ашыруунун укуктук базасы катары кызмат кылат.
I Глава Жалпы жоболор
1-статья. Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын максаттары
Дене тарбия жана спорт жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары адамды ар тараптан өнүктүрүүгө, жашоонун жакшы үлгүлөрүн өздөштүрүүгө, дене тарбиясы жана адептүүлүк жагынан өсүп - өркүндөө зарылчылыгын калыптандырууга, дене тарбия менен спорттун ар кандай түрлөрү менен машыгуу үчүн шарт түзүүгө, кесиптик - прикладдык даярдоону уюштурууга жана ар кандай оорулардын, зыяндуу адаттардын жана укук бузуулардын алдын алууну тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга, тыюу салынган субстанцияларды жана ыкмаларды колдонууну болтурбоого, патриотизмге тарбиялоого, элдердин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө жана чыңдоого багытталган.
(КР 2020-жылдын 18-июлундагы № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптери
Дене тарбиясын жана спортту уюштуруунун жана башкаруунун негизги принциптерине төмөндөгүлөр кирет:
инсанды ар тараптан шайкеш өнүктүрүү;
дене тарбиясынын эмгек жана коргоо практикасы менен байланышы;
дене тарбия жана спорт менен машыгуунун ден соолукту чыңдоого багытталышы;
дене тарбия жана спорт менен машыгууга жарандардын тең укугу;
мамлекеттик дене тарбия жана спорт окуу жайларында мамлекеттик билим берүү программаларында белгиленген чектерде акысыз дене тарбиясына, кесиптик - прикладдык даярдыктан өтүүгө жарандардын укуктарын кепилдикке алуу;
дене тарбия жана спорт менен машыгууга кеңири мүмкүнчүлүк;
дене тарбия жана спорт менен машыгуу системасындагы демократизм;
дене тарбия жана спорттун коомдогу саясий жана идеологиялык институттарга көз карандысыздыгы;
ушул Мыйзамдын талаптарына жооп берген бардык дене тарбия жана спорт уюмдарынын өз алдынчалуулугун жана көп түрдүүлүгүн таануу.
3-статья. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) Азия оюндары, Азиянын Паралимпиадалык оюндары жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндары - Азиянын Олимпиадалык кеңешинин калкасы астында Азиянын бардык өлкөлөрүнүн атлеттеринин арасында, ошондой эле таяныч-кыймылдоо аппараты жана көрүү органдары жабыркаган майыптыгы бар спортчулардын арасында ар бир төрт жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдештер;
2) спортто тыюу салынган субстанциялар жана (же) ыкмалар (мындан ары - допинг) - Допингге каршы дүйнөлүк агенттиктин эл аралык стандартынын тыюу салынган тизмесине киргизилген химиялык кошулмалар (заттар, дарылар) жана ыкмалар, анын ичинде спортто пайдалануу үчүн тыюу салынган субстанциялардын жана (же) методдордун тизмегине киргизилген субстанцияларды жана (же) ыкмаларды пайдалануу же пайдаланууга аракет жасоо;
3) дене тарбиясынын ченемдик негиздери - Кыргыз Республикасынын калкын жаш курагына жараша ырааттуу түрдө камтуучу, дене тарбиялык даярдыгын баалоонун критерийлеринин (ченемдеринин) топтому;
4) олимпиадалык кыймыл - адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүүгө, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоого багытталган эл аралык коомдук кыймыл;
5) паралимпиадалык кыймыл - эл аралык олимпиадалык кыймылдын уюмдарды жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды өз катарында бириктирген бөлүгү, анын максаты адамдын дене бойлук жана руханий жактан өркүндөшүнө жетүү каражаттарынын бири катары спортту өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жана майыптыгы бар адамдарды спорт менен машыгууга, сергек жашоо мүнөзүнө тартуу болуп саналат;
6) сурдлимпиадалык кыймыл - эл аралык сурдлимпиадалык кыймылдын курамдык бөлүгү, сурдлимпиадалык кыймылдын принциптерин пропагандалоо жана киргизүү, угуусу бузулган спортчулардын арасында дене тарбияны жана спортту өнүктүрүүгө көмөктөшүү, эл аралык спорттук кызматташтыкты чыңдоо, Сурдлимпиада оюндарына жана Эл аралык дүлөйлөр спорт комитетинин калкасы астында өткөрүлүүчү башка эл аралык спорттук иш-чараларга катышуу анын максаттары болуп саналат;
7) Олимпиадалык оюндар, Паралимпиадалык оюндар жана Сурдлимпиадалык оюндар - эл аралык олимпиадалык, паралимпиадалык жана сурдлимпиадалык комитеттердин калкасы астында төрт жылда бир жолу өткөрүлүүчү эл аралык комплекстүү спорттук мелдештер;
8) спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаттары - атлеттер арасында төрт жылда бир жолу же жылына бирден көп эмес жолу өткөрүлүүчү эл аралык ири мелдештер;
9) калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана спортчуларды даярдоо системасы - максаты калкты дене тарбия жагынан өркүндөтүү жана өлкөдө спортту өнүктүрүү болуп саналган иштин мамлекеттик жана коомдук формаларынын жыйындысы;
10) спорт - коомдун мелдешүү иш-аракеттери жана адамды мелдештерге даярдоонун атайын практикасы формасында тарыхый жактан калыптанган дене тарбиянын компоненттеринин биринин жалпыланган түшүнүгү, ошондой эле ушул иш-аракеттердин процессинде келип чыгуучу өзгөчө мамилелер, ченемдер жана жетишкендиктер;
11) жогорку жетишкендиктердин спорту - адамдын потенциалдык мүмкүнчүлүктөрүн ачып берүүнү, спорттук жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүнү, рекорддорду коюуну камсыз кылуучу чөйрө;
12) спорттук мелдеш - спорттук жетишкендиктерди көрсөтүү, салыштыруу жана баалоо ыкмасы;
13) спортчу - Бирдиктүү спорттук классификацияга ылайык спорттук разряды же спорттук наамы бар, спорттун тандалган түрү менен үзгүлтүксүз машыккан жана спорттук мелдештерге белгиленген эрежелер боюнча катышкан адам;
14) дене тарбия - адамды дене бою жагынан өнүктүрүү жана ден соолугун чыңдоо максатында коом тарабынан түзүлүүчү, өнүктүрүлүүчү жана пайдаланылуучу руханий жана материалдык баалуулуктардын жыйындысы болуп саналган маданияттын курамдык бөлүгү, социалдык иштин тармагы;
15) дене тарбия жагынан өркүндөө - дени сак, дене бою жана руханий жактан өркүндөгөн, моралдык жактан туруктуу өсүп келе жаткан муунду калыптандырууга, ден соолукту чыңдоого, эмгекке жөндөмдүүлүктү жогорулатууга, чыгармачыл узак жашоого жана адамдын өмүрүн узартууга багытталган уюштурулган педагогикалык процесс;
16) дене тарбия-спорт уюмдары - уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин формаларына карабастан ишинин негизги түрү дене тарбия жана спорт жаатында кызмат көрсөтүү болуп саналган коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар;
17) курама команданын башкы машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана Олимпиадалык оюндарда, Паралимпиадалык оюндарда жана Сурдлимпиадалык оюндарда, ошондой эле Азия оюндарында, Азиянын Паралимпиадалык оюндарында жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарында, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарда жана башка эл аралык мелдештерде спорттун түрү боюнча курама команданы жетектөөгө, түзүүгө, даярдоого жана чыгарууга жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу тартипте дайындалуучу адам;
18) курама команданын улук машыктыруучусу - жогорку профилдик билими бар жана спортчуларды Олимпиадалык оюндарга, Паралимпиадалык оюндарга жана Сурдлимпиадалык оюндарга, ошондой эле Азия оюндарына, Азиянын Паралимпиадалык оюндарына жана Азиянын Сурдлимпиадалык оюндарына, спорттун түрлөрү боюнча дүйнөлүк чемпионаттарга жана башка эл аралык мелдештерге чыгуу үчүн спорттун белгилүү бир түрү боюнча кесиптик даярдоону, окутууну, спорттук-машыктыруу процессинин дене тарбиялык, теориялык, моралдык-эрктик, техникалык жактан өркүндөтүүнү камсыз кылуу үчүн жооптуу, дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте дайындалуучу адам;
19) жеке машыктыруучу - спорттук кесиптик билими бар, чемпионду же байге ээсин даярдоонун окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү жана спорттук натыйжаларга жетишүүсү үчүн анын мелдештик иш-аракеттерине жетекчилик жүргүзүүчү адам;
20) биринчи машыктыруучу - спорттун белгилүү бир түрүндө адистешкен, кийин чемпион наамын жеңип алган же байге ээси болгон спортчунун жаш кезинде функциялык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү жолу менен баштапкы окутууга жана чеберчилигин өркүндөтүүгө катышуучу адам;
21) киберспорт (электрондук спорт) - компьютердик оюндарды жана видео оюндарын пайдаланууга негизделген мелдешүү ишинин түрү, анда катышуучулар (спортчулар) маалымат технологияларын пайдалануу менен белгиленген эрежелер боюнча жекече же команданын курамында мелдешишет.