Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык                          КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 1-июлу ПЖ №343

 

                 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

                                ЖАРЛЫГЫ

 

       Республиканын илимий мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек

                 акысынын өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө

 

   Республиканын  илимий мекемелеринин кызматкерлерин колдоо,  ошондой

эле алардын кесиптик беделин көтөрүү максатында токтом кылам:

   1.  Эмгек  акысы  Бирдиктүү гарифтик торчо менен аныкталган  илимий

мекемелеринин  кызматкерлеринин  эмгек  акысы  2006-жылдын   1-июлунан

баштап 20 процентке жогорулатылсын.

   2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

   -  ушул  жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл каражаттарды  издеп

тапсын.

   - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

   3.  Бул  Жарлыктын  аткарылышына контролдук  кылуу  милдети  Кыргыз

Республикасынын Премьер-министрине жүктөлсүн.

   4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

  

   Кыргыз Республикасынын

   Президенти                                    К.Бакиев