Редакцияот 18.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Жумгал айылдык кеңешинин 27- чакырылышынын кезексиз 10 - сессиясы

2017-жылдын 08-июлу № 10

Жумгал айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын депутаты Дуйшекеев Алтынбек Ишенбековичти депутаттык ыйгарым укугун токтотуу жонундо

 Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары, Жумгал айылдык Кенешинин 27-чакырылышынын депутаты Дуйшекеев Алтынбек Ишенбекович М.Өмүрканова орто мектебинин директору болуп дайындалгандыгын талкуулап жана ыйгарым укугун токтотууну карап, Жумгал айылдык Кенешинин депутаттары «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2 пунктунун 7 бөлүгүнө ылайык жана «Жергликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,5 беренесинин 3 бөлүмчөсүнө ылайык токтом кылат:

1. Жумгал айылдык Кенешинин депутаты Дуйшекеев Алтынбек Ишенбекович М.Өмүрканова орто мектебинин директорлугу болгондугуна байланыштуу Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31 беренесинин 2 пунктунун 7 бөлүгүнө ылайык жана «Жергликтүү Кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3,5 беренесинин 3 бөлүмчөсүнүн негизинде, депутаттык ишмердүүлүгү жана мандаты токтотулсун.

2. Депутаттык бош орунду толуктоо Жумгал аймактык шайлоо округу боюнча шайлоочулардын көпчүлүк добушун алган кийинки талапкерди каттоо Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

3. Бул токтом БШК нын Жумгал аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага:

Т.Айтбаев