Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-ноябрындагы № 795 токтому менен бекитилген |
"Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 695 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) төмөнкүлөрдү белгилейт:
- шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоонун улуттук системасын түзүү, иштөө принциптери, жайылтуу тармагы;
- аккредитациялоонун негизги катышуучуларынын функциялары; аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүнүн жалпы тартиби.
2. Кыргыз Республикасында улуттук аккредитациялоо системасында шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоону Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген аккредитациялоо боюнча улуттук орган жүзөгө ашырат.
2. Негизги терминдер жана аныктамалар
3. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
аккредитациялоо - аккредитациялоо боюнча органдын шайкештикти баалоо боюнча конкреттүү иштерди аткарууда юридикалык жактын компетенттүүлүгүн расмий таануунун жол- жобосу;
апелляция - аккредитациялоонун кааланган статусуна карата аккредитациялоо боюнча орган кабыл алган ар кандай терс чечимди кайра кароо жөнүндө шайкештикти баалоо боюнча органдын кайрылуусу;
аккредитациялоо аттестаты - аккредитациялоо белгилүү бир тармак үчүн берилгендигин ырастаган расмий документ;
даттануу - апелляциядан айырмаланып, адам же уюм жооп алууну күткөн учурда, ошол органдын же аккредитацияланган шайкештикти баалоо органынын ишине тиешелүү болгон аккредитациялоо органынын дарегине адам же уюм тарабынан билдирилген нааразычылык;
аккредитациялоо белгиси - аккредитациялоо боюнча орган тарабынан берилүүчү жана алардын аккредитациялоо статусун белгилөө максатында шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар тарабынан колдонууга арналган белги;
инспекциялык контролдоо - кайра баалоодон тышкары, шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган орган тарабынан аккредитациялоого карата талаптардын үзгүлтүксүз аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча иштин түрлөрүнүн топтому;
консультация берүү - аккредитациялоого тийиш болгон шайкештикти баалоо боюнча органдын кандайдыр бир ишине катышуу;
аккредитациялоо критерийлери - иштин (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн) билдирилген түрү боюнча аккредитациялоо аттестатын алуу үчүн аккредитациялоо субъектиси канааттандырууга тийиш болгон талаптардын жыйындысы;
аккредитациялоо боюнча органдын логотиби - аккредитациялоо боюнча орган тарабынан өзүн идентификациялоо үчүн пайдаланылуучу эмблема;
аккредитациялоо боюнча улуттук орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аккредитациялоо боюнча иштерди жүргүзүүгө жана аккредитациялоо боюнча эл аралык жана региондук уюмдарда Кыргыз Республикасынын атынан чыгууга ыйгарым укук берилген орган;
түзөтүүчү аракеттер - дал келбестиктин себебин жоюу жана анын кайра келип чыгышынын алдын алуу үчүн жасалган аракеттер;
аккредитациялоо тармагы - шайкештикти баалоо боюнча аккредитациялоо суралган же берилген иштердин конкреттүү багыттары;
шайкештикти баалоо боюнча орган - шайкештикти баалоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу юридикалык жак;
шайкештикти баалоо - тиешелүү талаптардын аткарылгандыгын түз же кыйыр түрдө аныктоого байланышкан иштер;
баалоо - конкреттүү стандарттын (стандарттардын) жана/же башка ченемдик документтердин негизинде жана аккредитациялоонун белгилүү бир тармагы үчүн шайкештикти баалоо боюнча органдын компетенттүүлүгүн аныктоо максатында аккредитациялоо боюнча орган тарабынан жүзөгө ашырылуучу процесс;
баалоочу - шайкештикти баалоо боюнча органды өз алдынча же баалоочулар тобунун курамында баалоо үчүн аккредитациялоо боюнча орган тарабынан дайындалган адам;
техникалык эксперт - аккредитациялоо боюнча орган тарабынан дайындалган, баалоочунун жетекчилиги астында иштеген, аккредитациялоонун баалануучу тармагында атайын билимге же эксперттик жөндөмгө ээ болгон жана баалоону өз алдынча жүргүзбөгөн адам;
ISO/IEC 17011 стандарты - шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо боюнча органдарга талаптарды белгилөөчү эл аралык стандарт.
3. Аккредитациялоо боюнча иштин негизги максаттары жана принциптери
4. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо алардын компетенттүүлүгүн ырастоо, аларга болгон ишенимди камсыз кылуу, алардын ишинин натыйжаларын таануу үчүн шарттарды түзүү максатында жүзөгө ашырылат.
5. Шайкештикти баалоо боюнча органдарды аккредитациялоо төмөнкүдөй принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
- ыктыярдуулук;
- аккредитациялоо эрежелеринин ачыктыгы жана жеткиликтүүлүгү;
- аккредитациялоону жүзөгө ашыруучу органдын компетенттүүлүгү жана адилеттүүлүгү;
- атаандаштыкты чектөөгө жана шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдардын кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга тоскоолдуктарды түзүүгө жол бербөө;
- аккредитацияланууга талапкер болгон бардык адамдардын укуктарынын, мыйзамдуу кызыкчылыктарынын теңдигин камсыз кылуу;
- аккредитациялоо боюнча иш процессинде алынган купуя маалыматты ачыкка чыгарбоо;
- аккредитациялоо, шайкештикти ырастоо жана мамлекеттик контролду (көзөмөлдү) жүзөгө ашыруу боюнча функцияларды бир уюмда айкалыштырууга жол бербөө.