Редакцияот 13.06.2000
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Бишкек шаары, 2000-жылдын 13-июнундагы № 56

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ

Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтындагы В.И. Лениндин эстелиги жөнүндө

Ушул Мыйзам Бишкек шаарынын "Ала -Тоо" аянтындагы В.И.Лениндин эстелигинин статусун аны Кыргыз Республикасы үчүн байлык деп таануу жана ага тарыхый маани берүү жолу менен белгилейт.

1-статья.

Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтына 1984-жылы тургузулган В.И.Лениндин эстелиги (скульпторлору А.П.Кибальников, В.И.Протков, Т.С.Садыков, архитекторлору Е.И. Кутырев, А.И. Исаев) архитектуралык - тарыхый эстелик болуп саналат жана мамлекеттин коргоосунда турат.

2-статья.

Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2000-жылдын 16-июнунда N 49 жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

А. Акаев

 

 

 

2000-жылдын 22-майында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган