Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

1997-жылдын 5-июлу ПУ № 204

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндө

Адамдардын граждандык жана саясий укуктарын камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин адамдарды жана граждандардын укуктарынын жана эркиндиктеринин гаранты катары Конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууга көмөктөшүү максатында

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында Адам укугу боюна комиссия түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссия жөнүндөгү Жобо бекитилсин (тиркелет).

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Адам укугу боюнча комиссиянын жекече курамы боюнча сунуш киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эл аралык бөлүмүнө Комиссиянын ишин уюштуруу, маалыматтык жана башкача камсыз кылуу милдети жүктөлсүн.

5. Бул Указ кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

А.Акаев