Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Президентинин 2019-жылдын 10-сентябрындагы ПЖ № 125 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 1996-жылдын 10-июлундагы N 234 Указы менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жөнүндө ЖОБО

(КР Президентинин 1997-жылдын 7-июнундагы ПУ N 166, 2016-жылдын 3-октябрындагы ПЖ № 203 Указдарынын редакцияларына ылайык)

Өлкөнүн социалдык-экономикалык жана руханий мүмкүнчүлүктөрүн арттырууга эмгек сиңирген, мамлекеттик кызматта, өндүрүштүк, илимий-техникалык, чыгармачылык, тарбия берүү, коомдук жана кайрымдуулук иштеринде олуттуу ийгиликтерге жетишкен граждандар Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланат.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык бирдиктери, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар сыйланышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасына "Ардак белгиси" төш белгиси кошо берилет, анын катар номери болот.

"Ардак белгиси" төш белгиси көкүрөктүн оң тарабына тагылат жана сыйлангандын ардак наамы бар болсо, Кыргыз Республикасынын ардак наамынын төш белгисинен кийин жайгашат.