Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы N 168 токтому менен бекитилген
Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277, 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139, 2010-жылдын 27-августундагы N 178, 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-сентябрындагы N 483, 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жобо
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик мүлктү конкурска коюп сатуу менен менчиктештирүүнүн тартибин жана шарттарын белгилейт. 2. Конкурс мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы болуп эсептелет, анда менчиктештирүү объектин сатып алуучу өзүнө конкурстун шартында белгиленген белгилүү милдеттенмени алат. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлган талаптарга жараша конкурс коммерциялык же инвестициялык болушу мүмкүн. (3 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 3. Мамлекеттик мүлктү сатуучу болуп, мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Сатуучу) чыгат. Конкурсту уюштуруучу мамлекеттик мүлктү Сатуучу болот. Мамлекеттик мүлктү Сатуучу конкурс өткөрүү датасын, ордун жана тартибин аныктайт, конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнү өз учурунда жарыялоону камсыз кылат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы N 622, 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 4. Мамлекеттик мүлктү сатып алуучулар юридикалык же жеке жактар болушу мүмкүн. Акыл эси ордунда эмес деп белгиленген тартипте таанылган жеке адамдар, мамлекеттик уюмдар жана ишканалар менчиктештирилчү мамлекеттик мүлктү сатып алуучу боло албайт. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомунун редакциясына ылайык) 5. Конкурска коюлуп сатылуучу менчиктештирүү объектилери: - мамлекеттик ишканаларды кайра түзүү процессинде пайда болгон чарбалык шериктиктер менен коомдордун капиталдарындагы мамлекетке тийиштүү акциялар (үлүштөр); - мүлктүк комплекс катары мамлекеттик ишканалар; - мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп түзүүнүн (жоюунун) натыйжасында пайда болуп, ишке жарактуу комплекстерди түзүүчү мамликеттик ишканалардын өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес бөлүмчөлөрү. Менчиктештирүүнүн жүрүшүндө эмес түзүлгөн Чарбалык шериктиктер менен коомдордун капиталындагы мамлекетке тиешелүү менчик укугундагы акциялар (үлүштөр) дагы бул Жобоиун тартиби боюнча конкурста сатылышы мүмкүн. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги N 277 токтомунун редакциясына ылайык) 6. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомуна ылайык күчүн жоготту) 7. Коммерциялык жана инвестициялык конкурсту пайдаланууда менчиктештирүү объектисине карата милдеттемелердин тизмеси аныкталат, аны сатып алуучу өзүнө алуусу керек. Милдеттемелердин тизмеси менчиктештирүү объектисине жараша болот жана аны конкурс жарыялаганга чейин Сатуучу аныктайт. Коммерциялык жана инвестициялык конкурстун шарты өзүнө сатып алуучунун менчиктештирүү объектисине карата төмөндөгүдөй милдеттемелерин камтышы мүмкүн. - сунуш кылынган инвестициялардын суммасы; - эмгек акы, жумушка орношуу деңгээли, социалдык чөйрөнүн объекттерин пайдалануу жаатында социалдык программа; - жаңы сатуу рыногуна чыгуу же болгонун өздөштүрүү; - жаңы атаандаштыкка жөндөмдүү же импортту алмаштыруучу продукцияларды чыгарууну өздөштүрүү; - натыйжалуу менеджментти ишке киргизүү, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу; - айлана-чөйрөнү коргоо боюнча милдеттенме. - карыздарын жоюу боюнча милдеттенме; - уставдык капиталын көбөйтүү боюнча милдеттенме. Милдеттенменин сандык көрүнүшү, ошондой эле аларды сатуу мөөнөтү болууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 8. Сатуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык менчиктештирилүүчү мүлктүн наркын аныктайт жана анын негизинде конкурста баштапкы сатуу баасын (мындан ары баштапкы сатуу баасы деп аталат) белгилейт. 9. Конкурстун шартын Сатуучу аныктайт жана Сатуучунун тиешелүү чечими менен бекитилиши керек. 10. Конкурска катышуу үчүн талапкер конкурста сатып алуучу мүлктүн акысын камсыз кылуу эсебине шертакы (мындан ары гарантиялык взнос) берет. Гарантиялык взностун өлчөмү менчиктештирилүүчү объектти сатуунун баштапкы баасынын 10 процентин түзөт. Гарантиялык взнос төмөнкү учурларды кайтарылып берилет: - конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп табылбаса (шертакыны кайтаруу мөөнөтү - конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучу протоколду бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде); - тоорук өткөн жок деп табылса (гарантиялык взносту кайтаруу мөөнөтү - конкурстун жыйынтыгы жөнүндө Сатуучу протоколду бекиткен учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде); - Талапкердин катталган арызды кайта алып койгон учурунда (шертакыны кайтаруу мөөнөтү - арызды кайта сурап алынышы жөнүндө билдирүүнү менчиктештирүү боюнча комиссия алган учурдан баштап 10 банктык күндүн ичинде). Конкурста жеңип чыккан адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүдө ал төккөн гарантиялык взностун суммасы түзүлгөн келишим боюнча милдеттенменин эсебине эсептелет. (8 абзац Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомуна ылайык күчүн жоготту) (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2009-жылдын 19-сентябрындагы N 605, 2010-жылдын 27-августундагы N 178 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт.
II. Менчиктештирүү объектилерин сатуу боюнча конкурсту даярдоо жана уюштуруу
11. Менчиктештирүү объектилерин конкурс боюнча сатуу үчүн Сатуучу конкурсту даярдоо жана өткөрүү комиссиясын (мындан ары конкурстук комиссия) түзөт. 12. Конкурстук комиссиянын курамына Сатуучунун, тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун өкүлдөрү кирет. Анын курамына башка мамлекеттик органдардын, ишканалардын (акционердик коомдордун) өкүлдөрү, эксперттер кириши мүмкүн. Комиссия Сатуучуга ишке аудитордук, консультациялык, баалоочу, эксперттик жана башка уюмдарды тартуу жөнүндө сунуш киргизе алат. Конкурстук комиссиянын төрагалыгына Сатуучунун өкүлү дайындалат. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так санда жана 5 кишиден кем эмес болууга тийиш. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 13. Конкурстук комиссиянын чечимдери заседаниеге катышкан, добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө комиссиянын ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот. Эгер заседаниеге добуш берүү укугуна ээ болгон комиссия мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, комиссия анын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө укуктуу. Добуштар бирдей болуп калган учурда комиссия төрага добуш берген чечимди кабыл алат. Комиссиянын чечимдери протокол менен таризделет, ага заседаниеге катышкан комиссия мүчөлөрү кол коюшат. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 14. Конкурстук комиссиянын милдети конкурсту даярдоо жана өткөрүү болуп саналат. Бул максатта конкурстук комиссия: - талапкерлерден конкурска катышууга ниетин билдирген арыздарды, ошондой эле комиссияга көрсөтүүгө зарыл болгон материалдарды кабыл алууну арыздын формасын аныктайт (типтүү арыздын үлгүсү Тиркемеде берилген), камсыз кылат, ар бир арызга анын түшкөн датасын, мезгилин жазып, номер коет; - талапкерлерди конкурска катышууга кое берүү (же болбосо кое берүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим кабыл алат; - конкурс өткөрөт; - конкурстун жеңүүчүсүн аныктайт; - конкурстун жыйынтыгы боюнча протокол жазат жана кол коет. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 15. Менчиктештирүү объектисин сатуу боюнча конкурстун өткөрүлүшү тууралуу маалыматтык билдирүү аны өткөрүү датасынан кеминде 30 күн мурда, ал эми стратегиялык маанидеги объекттер үчүн кеминде 90 күн мурда жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланышы керек. Билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш: - менчиктештирүү объектисинин аты; - объекти сатуунун баштапкы баасы; - конкурстун түрү-коммерциялык же инвестициялык; - конкурстун шарты; - конкурстун түрүнө (коммерциялык же инвестициялык) жараша мамлекеттик мүлктү сатып алуучуга коюлуучу талаптардын тизмеси; - мамлекеттик мүлктү сатып алуучунун менчиктештирүү объектилерине карата алган милдеттенмелеринин тизмеси; - конкурска катышуу үчүн талапкерлер тапшыруучу документтердин жана аларды тариздөөгө талаптардын тизмеси; - гарантиялык взностун өлчөмү жана аны төгүү мөөнөтү, Сатуучунун эсебинин зарыл болгон реквизттери; - арызды кабыл алуу орду жана мөөнөтү; - конкурс өткөрүү орду, датасы жана убактысы; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же Сатуучу белгилеген тартипке ылайык сөзсүз жарыялануучу зарыл болгон башка маалыматтар. Конкурс өткөрүү жөнүндө билдирүү жасаган Сатуучу ишти берүү үчүн белгиленген мөөнөттүн биринчи жарымында гана конкурстун шартын өзгөртүүтө же конкурсту болтурбай коюуга укуктуу. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2010-жылдын 8-декабрындагы N 309 токтомдорунун редакцияларына ылайык) 16. Менчиктештирүү процессинде түзүлгөн ачык акционердик коомдун акцияларын сатууда маалыматтык билдирүүгө төмөндөгүлөрдү сөзсүз түрдө кийирүү керек: - мындай коомдун кыймылсыз мүлкү жайгашкан жер участогунун жалпы аянты; - кыймылсыз мүлккө жалпы мүнөздөмө; - акцияларды кайра сатууга белгиленген чектөө; - продукциянын (иш, кызмат көрсөтүү) негизги номенклатурасы; - кызматкерлердин саны; - Кыргыз Республикасынын резиденти эместердин, ошондой эле уюштуруучусу (катышуучусу) жана биригишкен жагы катары чет өлкөлүк жана юридикалык жактары бар Кыргыз Республикасынын резиденттеринин катышуусуна чектөөлөр; - негизги финансы-экономикалык көрсөткүчтөрү (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, 2010-жылдын 9-мартындагы N 139токтомдорунун редакцияларына ылайык) 17. Арыздарды кабыл ала баштагандан тартып Сатуучу ар бир талапкерге менчиктештирүү объектиси жөнүндө өзүндө болгон маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк берет. 18. Конкурска катышуу үчүн конкурстук шарттар менен катар эле, талапкерлер конкурстук комиссиянын дарегине белгиленген мөөнөттө төмөнкү документтерди тапшырат: - конкурска катышууга арыз; - гарантиялык взносту төлөгөндүгүн ырастоочу, аткарылгандык тууралуу банк белгиси түшүрүлгөн төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү; - менчиктештирүү объектиси үчүн баа боюнча сунуш; - тизмеси арызга кошо тиркелүүчү документтер; - маалыматтык билдирүүдө жарыяланган тизме боюнча башка документтер. Бир адам бир гана арыз, ошондой эле коммерциялык же инвестициялык конкурста сатылган менчиктештирүү объектисине баа берүү боюнча бир гана сунуш берүүгө укугу бар. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368 токтомунун редакциясына ылайык) 19. Юридикалык жактар төмөнкүлөрдү кошумчо берет: - уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; - талапкерлердин арыз берүү датасына чейин, акыркы кварталга бардык деңгээлдеги бюджетке салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өтүп кеткен карыздарынын жоктугун ырастаган салык инспекциясынын маалымкаты. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместери үчүн милдеттүү болуп саналбайт; - юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндөгү күбөлүгүнүн көчүрмөсү; - баалуу кагаздарды (акционерлик коомдор үчүн) каттагандыгы жөнүндө баалуу кагаздар рыногу боюнча мамлекеттик органдын күбөлүктүн көчүрмөсү. Бул талап чет өлкөлүк талапкер - Кыргыз Республикасынын резиденти эместери үчүн милдеттүү болуп саналбайт; (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 13-августундагы N 368, 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 8-октябрындагы N 569 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстке дал келбейт. 191. Документтер электрондук почта же башка байланыш каражаттары аркылуу санариптик форматта, анын ичинде башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-августундагы № 503 токтомунун редакциясына ылайык) |