Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык                           КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2007-жылдын 6-декабры ПЖ № 539

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

               Билим берүү кызматкерлерине педагогикалык

                 иш стажы үчүн үстөк акы төлөө жөнүндө

                        (КР Президентинин

             2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгынын

                       редакциясына ылайык)

 

     Билим берүү  кызматкерлерин социалдык жактан коргоону камсыз кылуу

жана "Билим  берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу

максатында токтом кылам:

     1. 2008-жылдын 1-январынан тартып республиканын билим берүү систе-

масынын кызматкерлерине  педагогикалык  иш  стажы  үчүн үстөк акы төлөө

жүргүзүлсүн.

     2. (КР Президентинин 2011-жылдын 17-августундагы ПЖ N 199 Жарлыгы-

на ылайык күчүн жоготту)

     3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте:

     - ушул  Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү мыйзам долбоорлорун даяр-

дасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин;

     - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.

     4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучуга жүктөлсүн.

     5. Бул Жарлык 2008-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев