Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                 КР Президентинин

2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык

                   КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2008-жылдын 12-январы ПЖ № 25

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

                 Кыргыз Республикасынын Президентинин

                 резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо

                     жана куруу ишчаралары жөнүндө

 

     Кыргыз Республикасынын   Президентинин,  Премьер-министринин  жана

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, алардын ишин камсыз кылу-

учу органдардын ишин социалдык-тиричилик жактан камсыз кылуу боюнча ма-

териалдык-техникалык базаны жакшыртуу максатында,  ошондой  эле  Кыргыз

Республикасынын  Жер  кодексинин 32- жана 34-статьяларына ылайык токтом

кылам:

     1. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин резиденциясын жайгаштыруу, долбоорлоо жана куруу үчүн Ысыккөл об-

лусунун  Ысыккөл районунун Ысыккөл токой фондунун жеринен аянты 30 гек-

тар жер участогун Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын

№  2  Мамлекеттик резиденциясына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү маселесин

белгиленген тартипте карап чыксын жана чечсин, мында төмөнкүлөрдү кара-

сын:

     - экологиялык экспертизанын тийиштүү түрлөрүн өткөрүү;

     - зарыл болгон учурда жерди бир категориядан башка категорияга ко-

торуу;

     - долбоорлук-сметалык документтерди иштеп чыгууга зарыл болгон фи-

нансы каражаттарын бөлүп берүү жана Кыргыз Республикасынын  Президенти-

нин жањы резиденциясын этап-этабы менен куруу;

     - Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Иш  башкармасына  төмөнкү

учурларда жардам берүү:

     бөлүнүп берилген жер участогуна,  Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин  резиденциясынын  обьекттерин  долбоорлоого жана курууга тийиштүү

уруксаттарды жана укук белгилөөчү документтерди алууда;

     Кыргыз Республикасынын  Президентинин жањы резиденциясынын обьект-

терин долбоорлоого жана курууга бир булактан сатып алуулар ыкмасын. ку-

рулуш иштерин жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну кошкондо,  түрдү-ү

ыкмалар менен тендерлерди өткөрүүдө;

     Кыргыз Республикасынын  Президентинин жањы резиденциясынын обьект-

терин,  ушул обьекттер үчүн тышкы энергетикалык  тармактарды  кошкондо,

даярдоону, долбоорлоону жана курууну камсыз кылууда;

     - Кыргыз Республикасынын  Президентинин  Иш  башкармасына  аткаруу

бийлик органдары жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары тараптан

Кыргыз Республикасынын Президентинин резиденциясынын обьекттерин  даяр-

доодо, долбоорлоодо жана курууда ар түрдүү көмөк көрсөтүү.

     2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы Кыргыз  Рес-

публикасынын  Өкмөтү  менен макулдашкандан кийин Кыргыз Республикасынын

Президентинин резиденциясын куруу үчүн гранттык каражаттарды,  инвести-

цияларды жана жарымжартылай бюджеттик каражаттарды тартуу жана пайдала-

нуу боюнча зарыл иштерди жүргүзсүн.

     3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

     4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев