БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 139
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторго укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптимизациялоо жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык, Бишкек шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо);
2-тиркемеге ылайык Бишкек шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шартында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу типтүү келишими.
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
ижарачылар тарабынан көп батирлүү үйлөр турган жер участокторду (жер участокторду пайдалануу мөөнөттөрү аяктаганга чейин же аяктагандан кийин) сатып алуу боюнча ишти уюштурсун;
жобого ылайык сатылып алынуучу жер участокторду баалоону жүргүзсүн;
Бишкек шаарындагы жер участокторду сатып алуудан түшкөн каражаттардан ушул токтомдун аткарылышы менен байланышкан чыгымдарды төлөөнү жүргүзсүн;
бир айлык мөөнөттө Бишкек шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын сын-пикирлерин иштеп чыксын жана Бишкек шаардык кеңешинин сессиясынын кароосуна киргизсин.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | Ж.Б. Абиров |
|
Бишкек шаардык кеңешинин
2020-жылдын «____» _________
№____ токтомуна 1-тиркеме
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү
долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып
алуу тартиби жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Бишкек шаарынын аймагындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу жобо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын жер укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыкты.
2. Жобо Бишкек шаарынын аймагында көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарда мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу менен байланышкан Бишкек шаарынын мэриясынын жана жеке, юридикалык жактардын ортосундагы жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу тартибин белгилейт.
3. Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактар тарабынан жер участокторунун сатып алууну жер участокторун башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул жобо тарабынан белгиленген тартипте бекер негизде жүргүзүлөт.
4. Ушул жобо мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга мөөнөтсүз пайдаланууга берилген жер участокторго жайылтылбайт.
5. Бишкек шаарында чет элдик жактарга жер участокторун сатып алууга тыюу салынат.
II. Түшүнүктөр жана терминдер
6. Ушул жободо колдонулуучу түшүнүктөр жана терминдер:
жер участокторду сатып алуу – бул участокто жайгашкан көп батирлүү үйдүн ээси болгон жер пайдалануучуга ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участоктун кайтарымдуу жана келишимдүү ажыратылышы;
кыймылсыз мүлктү көзкарандысыз баалоочу - кыймылсыз мүлктү баалоо боюнча кесиптик билими жөнүндө тийиштүү сертификатты белгиленген тартипте алган жана баалоо объектинде мүлктүк кызыкчылыгы бар уюмдаштыруучу, менчик ээси, акционер болбогон же көрсөтүлгөн адамдар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам;
шаар куруу документтери – райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, чек салуунун деталдуу пландаштыруу долбоорлору, кварталдарды, шаар куруу түйүндөрүн жана башка калктуу конуштардын пландаштыруучу түзүмдөрүнүн элементтерин куруу;
арыз ээси – жер участогун менчикке сатып алуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органга арызы менен кайрылган, көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер участокту ижарага алуучу болуп саналган жак;
имараттар жана курулуштар – жер менен тыгыз байланышкан, өлчөөсүз зыян келтирбестен көчүрүү мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде батирлер, көп батирлүү үйдөгү турак эмес жайлар;
жер пайдалануучу – жер участогун пайдалануу укугу көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген, өткөрүлүп берилген жеке же юридикалык жак;
көп батирлүү үй – эки жана андан көп батир, ошондой эле жалпы пайдалануудагы көмөкчү жайлары (жалпы пайдалануудагы жайлар) бар турак жай имараты;
жер участогун убактылуу (мөөнөттүү) пайдалануу укугу – жер участогун 50 жылга чейинки мөөнөт менен чектелген ижара шарттарында пайдалануу;
жер участогуна менчик укугу –Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана башка ченемдик укуктук актылар тарабынан таанылган, жеке жана юридикалык жактардын Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген чектөөлөр менен ага тийиштүү жер участокту өзүнүн каалоосу боюнча ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
уруксат берилген жер участокту пайдалануу – шаар куруу документтери жана жер пайдалануу жана курулуш эрежелери тарабынан белгиленген шаар куруу регламентине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленген чектөөлөргө ылайык жер участогун пайдалануу;
ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду башкаруу жана тескөө боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – жер участоктордун пайдаланылышын контролдоо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;
архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура маселелерин кароо боюнча ыйгарым укуктар берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү.
жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу орган – Бишкек шаарында жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик каттоо органы;
жерлердин функционалдык багытталышы – жер участокко укуктарды ырастоочу документтерде, келишимдерде же башка укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер участокторун пайдалануу;
баа (сатып алуу наркы) – ыйгарым укуктуу орган жана ижарачынын ортосунда түзүлгөн бүтүмдүн жыйынтыгында жер участок сатып алына турган акчанын суммасы.
III. Жер участокторду сатып алуу үчүн негиздер
7. Объект эксплуатацияга киргизилген же курулуш даярдыгы 100 пайыздан кем эмес болсо, укугу жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда катталган, 5 кабаттан жогору көп батирлүү үйлөрү бар ижара шарттарында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууда турган жер участоктун ижарачысы жер участокту сатып алууга арыз ээси болуп чыгууга укуктуу.
8. Бишкек шаарында ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участокторго укуктарын берүү боюнча комиссиянын (мындан ары – комиссия) чечиминин негизинде жер участокту толук сатып алуу наркы төлөнгөндөн кийин жана белгиленген формада сатып алуу-сатуу келишими түзүлгөндөн кийин жүзөгө ашырылат.
Жер участогунун наркын баалоо көзкарандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат.
IV. Жер участокторун сатып алууга арыздарды кароо тартиби
9. Ыйгарым укуктуу органга төмөнкүлөр көрсөтүлүүсү тийиш болгон арыз берилет:
а) арыз ээси жөнүндө маалыматтар (бир маанилүү идентификациялоо үчүн керектүү маалыматтар, инсандыгын ырастаган документтердин маалым даректери, жеке жактар үчүн – катталган жери (каттоодо тургандыгы) жана анык жашаган жери жөнүндө маалыматтар, юридикалык жактар үчүн – уюмдаштыруу документтери боюнча юридикалык жактын маалыматтары, юридикалык жактын мамлекеттик катталган дареги, байланышуу үчүн телефон номерлери, ижарачынын атынан анын өкүлү кайрылган учурда ишеним каттын маалым даректери. Юридикалык жактар үчүн кошумча чет өлкөлүктөрдүн катышы жок тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт);
б) участоктун аянты жана жайгашкан жери.
Арызга төмөндөгү документтердин түп нускаларын берүү менен төмөнкүлөрдүн көчүрмөлөрү тиркелет:
а) жер участокко укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин;
б) арыз ээсинин инсандыгын ырастаган документтин, ошондой эле арыз ээси юридикалык жак болсо, уюмдаштыруу документтеринин;
в) эксплуатацияга киргизүү актысынын көчүрмөсү (курулуш аяктаган учурда);
г) ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылган күнү алынган Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөсү.
10. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда арызды кабыл алуудан баш тартууга укуктуу:
а) арыз ээсинин атынан иш алып барууга ыйгарым укугу жок жак кайрылганда;
б) эгерде ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн бардык керектүү болгон документтер берилбесе.
11. Ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыз кабыл алынгандыгын тастыктаган документ берет, келип түшкөн арызды чектөөлөрдүн бар экендигин (Бишкек шаардык кеңешинин, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдери, укук коргоочу жана сот органдарынын актылары) карап чыгат.
Чектөөлөр бар болгондо ыйгарым укуктуу орган арыз катталган учурдан тартып 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине негиздүү баш тартууну жөнөтөт.
12. Ижара төлөмдөрү боюнча карыздар жана ушул жобонун 11-пунктунда көрсөтүлгөн чектөөлөр жок болгон учурда, ыйгарым укуктуу орган арыз катталган мезгилден тартып 3 жумуш күндүн ичинде жер участогунун чиймелеринин көчүрмөлөрү менен суроо-талаптарды төмөнкүлөргө жөнөтөт:
- ижара келишимине ылайык жер участогун пайдалануу предметине жер участогун текшерүү актысын даярдоо үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органына;
- жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө тийиштүү документти даярдоо үчүн архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу органга; чектөөлөр жок болгон учурда архитектура жана шаар куруу боюнча ыйгарым укуктуу орган жер участогун сатып алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берет. Жер участогун сатып алууга тоскоолдук кылган чектөөлөр аныкталган учурда (шаар курууну жөнгө салуу линиялары, инженердик транзиттик тармактардын болушу), архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу орган шаар куруу корутундусун даярдайт;
- объектти эксплуатацияга киргизүү актысы жок болсо –курулуштук даярдыгы долбоорлоо документтеринде каралгандан 100 пайыздан кем эмес курулуш даярдык фактысын белгилөө үчүн тийиштүү корутундуларды даярдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын региондор аралык башкармалыгына.
13. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдар белгиленген компетенцияларынын алкагында келип түшкөн суроо-талаптарды кароого алат жана жер участогун сатып алууга тоскоолдук кылган чектөөлөр аныкталган учурда суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга негизделген баш тартууну жөнөтөт.
Ошону менен бирге ыйгарым укуктуу орган жер участокту сатып алуу жөнүндө арызды кароо боюнча мындан аркы ишти токтотот. Кабыл алынган чечим 3 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине жөнөтүлөт.
14. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардын оң жооптору арыз келип түшкөн учурдан тартып 14 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Шаар куруу корутундусу суроо-талап келип түшкөн учурдан тартып 35 жумуш күндөн көп эмес мөөнөттө жөнөтүлөт.
15. Ушул жобонун 12-пунктунда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктуу органдардан тийиштүү документтер келип түшкөн учурдан тартып, ыйгарым укуктуу орган 14 жумуш күндүн ичинде комиссиянын жыйынына көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторун сатып алуу жөнүндө маселени чыгарат.
16. Корутундуларды, материалдарды жана башка керектүү документтерди даярдоого тартылган ыйгарым укуктуу органдар берилген маалыматтардын толуктугу, аныктыгы жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келиши үчүн мыйзам тарабынан белгиленген жоопкерчиликти тартышат.
17. Арызды кароонун жалпы мөөнөтү 30 жумуш күндөн ашпоого тийиш. Шаар куруу корутундуларын даярдоо учурунда арызды кароо мөөнөтү 30 күндөн көп эмес мөөнөткө узартылат, бул тууралуу ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине маалымдайт.
V. Бишкек шаарында жер участокторго менчик укуктарын сатып алуунун уюштуруучулары, катышуучулары жана объекттери
18. Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн мурда берилген жер участокторду сатып алуу менен байланышкан маселелерди чечүү үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын коллегиялдуу органы болуп саналган комиссия түзүлөт.
19. Муниципалдык менчик жана жер ресурстар маселелерин тейлеген Бишкек шаарынын вице-мэри төрагалык кыла турган комиссиянын курамы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен бекитилет.
Комиссиянын курамына Бишкек шаарынын мэриясынын, муниципалдык администрациялардын, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, инженердик-техникалык кызматтардын өкүлдөрү, ошондой эле коомчулуктун, коммерциялык эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү киришет.
20. Комиссиянын иш-аракеттерин уюштурууну камсыздоону ыйгарым укуктуу орган жүзөгө ашырат, ал протоколдорду түзүүнүн тууралыгы жана протоколдордун комиссиянын жыйынында кабыл алынган чечимдерге ылайык келиши үчүн жоопкерчилик тартышат.
21. Ыйгарым укуктуу орган Комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын өткөрүү датасына чейин 10 календардык күн мурун кабарлайт жана боло турган жыйынды материалдар менен камсыздайт.
Материалдар төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
а) шаар куруу корутундусунун көчүрмөсү;
б) чиймелерди тиркөө менен жер участоктун жайгашкан орду жөнүндө маалыматтар;
в) жеке же юридикалык жактын арызынын көчүрмөсү;
г) ушул жобонун 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтер.
22. Комиссия төмөнкүлөргө укуктуу:
а) Бишкек шаарынын мэриясынын тийиштүү кызматтарынан, түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринен жыйында карала турган маселелерге тийиштүү документтерди, корутундуларды, экспертизалардын актыларын жана башка материалдарды суроого жана алууга;
б) Комиссиянын кароосуна ушул жобонун талаптарын бузуу менен материалдар даярдалган учурда, Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө өтүнүч берүүгө;
в) Комиссиянын мүчөсү катары менен үч жолу комиссиянын жыйындарына келбесе, Бишкек шаарынын мэриясына аны алмаштыруу жөнүндө өтүнүч берүүгө.
23. Комиссия өз иш-аракеттерин жыйын формасында жүзөгө ашырат.
Комиссиянын жыйындарынын жыйынтыктары үч нускада протокол түрүндө жол-жоболоштурулат, комиссия жыйыны болгон күнү анын ар бири комиссиянын төрагасы, катчысы жана бардык катышкан мүчөлөрү тарбынан кол коюлат. Протоколдордун ар бир барагы жыйынга катышкан комиссиянын бардык катышкан мүчөсү тарабынан парафирленүүгө (кол коюлууга) тийиш.
Протоколдун бир нускасы ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат, экинчи нускасы Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтүлөт, үчүнчү нускасы комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып 10 күндөн кечиктирбестен жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт.
Комиссиянын чечими тууралуу протоколдун көчүрмөсү комиссиянын мүчөлөрү тарабынан кол коюлгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде арыз ээсине берилет.
24. Жыйынды комиссиянын төрагасы алып барат, эгер ал жок болсо, төраганын орун басарларынын бири алып барат.
25. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экисинен кем эмес мүчөсү катышса, комиссия чечим кабыл алууга укуктуу.
26. Комиссиянын чечимдери ачык добуш берүү жолу менен жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн добуштарынын жөнөкөй көпчүлүгү менен кабыл алынат.
27. Комиссиянын жыйындарын өткөрүүдө Интернет тармагында түз видеотрансляция аркылуу (социалдык тармактардагы расмий баракчаларда) онлайн режиминде аудио жана видео жазмалар жүргүзүлөт. Аудио жана видео жазмалардын сатылоо комиссиянын катчысына жүктөлөт.
Ыйгарым укуктуу орган квартал сайын комиссиянын жыйындарынын видеожазмаларынын көчүрмөлөрүн Бишкек шаарынын мэриясына жөнөтөт.
28. Комиссиянын иш-аракеттери менен байланышкан материалдар, анын ичинде комиссиянын протоколунун бир нускасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укуктуу органдын архивинде сакталат.
29. Эгерде комиссиянын мүчөсүнүн түз кызыкчылыгы болсо же арызы каралып жаткан жак менен туугандык мамиледе болсо, ал бул маселени кароого катышуудан бошотулат жана добуш берүүдө катышууга укугу жок.
30. Комиссия ыйгарым укуктуу орган тарабынан жер участокту сатып алуу-сатуу келишимин түзүү үчүн негиз болуп санала турган көз карандысыз баалоочулардын корутундусуна ылайык көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокту сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алат. Жер участокту сатып алуу-сатуу келишими укук белгилөөчү документтин күчүнө ээ.
31. Комиссиянын чечиминин протоколунда төмөнкү маалыматтар каралат:
а) арыз боюнча кабыл алынган чечим;
б) арыз ээси тууралуу маалымат;
в) жер участогу тууралуу маалыматтар;
г) сатып алуу-сатуу келишимине кол коюу боюнча тараптардын милдеттенмелери;
д) ыйгарым укуктуу органдын алыш-бериш эсебинин номери жана башка маалым даректери.
Протоколдун көчүрмөсү ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат жана кол коюлган күндөн тартып 3 күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын кызматтык имаратынын жалпыга жеткиликтүү жеринде илинет.
32. Комиссиянын жыйыны өткөн күндөн тартып 10 жумуш күндөн кечиктирбестен ижарачы ушул көз карандысыз баалоочунун корутундусуна ылайык жер участокту сатып алуу наркын төлөөнү жүргүзүүгө жана ыйгарым укуктуу орган менен жер участокту сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү.
Сатып алуучу тарабынан төлөө жана жер участокту сатып алуу-сатуу келишимин түзүү мөөнөттөрү бузулган учурда, чечимди жокко чыгаруу маселеси мөөнөттөр бузулган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде комиссиянын кезектеги жыйынына киргизилет, бул жөнүндө арыз ээсине билдирүү жөнөтүлөт.
33. Жер участогуна менчик укугу жер участокту сатып алуу-сатуу келишими катталгандан кийин юридикалык күчүнө кирет.
Түзүү жана андан ары каттоо боюнча чыгымдар сатып алуучуга жүктөлөт.
34. Ижара төлөмдөрүн эсептөө жер участокту сатып алуу наркы толук төлөнгөн жана жер участокту сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде менчик укугу мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып токтотулат.
Сатылып алынган жер участокту ижаралоо келишиминин иштөөсү жер участокту сатып алуу-сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып токтотулат.
VI. Акча каражаттарын бөлүштүрүү
35. Жер участокторду сатып алуудан келип түшүүчү каражаттар 100 пайызы шаардык бюджетке түшүүсү жана бөлүштүрүлүшү керек.
36. Акча каражаттарынын түшүүсүн контролдоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жүзөгө ашырылат.
VII. Корутунду жоболор
37. Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижара шарттарында мурда убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокту сатып алууга тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын чечимдери Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарына ылайык даттанылышы мүмкүн.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси М. Дж. Алымбеков
Бишкек шаардык кеңешинин
2020-жылдын «____»__________
№____ токтомуна 2-тиркеме
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү
долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуунун
ТИПТҮҮ КЕЛИШИМИ
Бишкек шаары 20__-жылдын «____»_________
Бишкек шаарынын мэриясынын Жер ресурстар башкармалыгынын атынан, мындан ары «I тарап» деп аталуучу __________________________________________________ бир тараптан жана ___________________________________________________атынан
(жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы)
мындан ары «II тарап» деп аталуучу _____________________________________________________________,
(кызмат орду, аты-жөнү)
экинчи тараптан, бирге «Тараптар» деп аталуучулар, төмөнкүлөр жөнүндө ушул келишимди түзүштү.
1. Келишимдин предмети
1.1. I тарап Бишкек шаарындагы жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын 20____-жылдын “____”__________ №______чечиминин негизинде Бишкек шаары, ________________________ дареги боюнча жайгашкан аянты ________га жер участогун бардык чектөөлөрү жана сервитуттары менен бекер негизде өткөрүп берет, ал эми II тарап менчигине кабыл алат.
1.2. 1.1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун функционалдык багытталышы_______________________________________________.
2. Жер участогуна менчик укугунун баасы
2.1. II тарап I тарапка ушул Келишим боюнча ___________________________________________________________сом
(цифралар жана жазуу менен)
өлчөмүндөгү жер участогунун сатып алуу баасын, ошондой эле ________________________________________________________ сом
(цифралар жана жазуу менен)
өлчөмүндө башка чыгымдарды төлөөгө милдеттүү.
2.2. Тараптар ушул келишим боюнча жер участогуна менчик укугунун баасы тарап тарабынан ушул келишим түзүлгөнгө чейин I тараптын атайын эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен төлөнгөндүгүн тастыкташат.
Төлөм 20__-жылдын «___» ______________ № _______ төлөм документи менен ырасталат (тиркелет).
2.3. мамлекеттик каттоодон өткөн жана II тарапка жер участогуна менчик укугу өткөрүлгөн учурдан тартып, 20___-жылдын “____” ________ №_____ ижара келишими боюнча тараптардын милдеттенмелери токтотулат.
3. Тараптардын милдеттери
3.1. 2-тарап төмөнкүлөргө милдеттүү:
3.1.1. Жер участогуна менчик укугу пайда болгон учурдан тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган белгиленген тартипте жер салыгын төлөөгө.
3.1.2. Жер участогун функционалдык багыты боюнча пайдаланууга.
3.1.3. Ушул келишимди жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан каттоодон өткөрүүгө жана белгиленген тартипте Жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актыны жол-жоболоштурууга.
3.1.4. Жер участогуна менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт жол-жоболоштурулгандан кийин үч жумуш күндүн ичинде шаардын курулушу боюнча кезметтик план киргизүү үчүн архитектура жана курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органга кайрылууга.
4. Кепилдиктер жана дооматтар
4.1. Тараптар ушул келишимдин предмети белекке берилгендиги убадаланбагандыгы, сатылбагандыгы, күрөөгө коюлбагандыгы, талашууда жана тыюу салынууда (арестте) турбагандыгы, үчүнчү жактардын укуктук талап кылуулары жок экендиги тууралуу макулдашышты.
5. Талаштардын чечилиши
5.1. Ушул келишимдин шарттарын аткарууда пайда болгон же анын жоболорун түшүндүрүү менен байланышкан бардык талаштар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жолу менен чечилет.
5.2. Эгерде Тараптар 30 календардык күндүн ичинде өз ара макулдашууга келбесе, талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте сот органдарынын кароосуна өткөрүлүп берилет.
6. Келишимдин шарттарын өзгөртүү жана аны бузуу
6.1. Ушул келишимдин шарттарын өзгөртүү же ага толуктоолорду киргизүү Тараптардын макулдугу менен гана мүмкүн.
6.2. Келишимге бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор жазуу түрүндө андан ары жерге жайгаштыруу жана каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органда каттоо менен жүзөгө ашырылат, ушул Келишимдин ажыратылгыс бөлүгү болуп саналган кошумча макулдашуу түрүндө жол-жоболоштурулат.
7. Чыгымдар
7.1. Ушул келишимди түзүү, мамлекеттик каттоо жана аткаруу менен байланышкан бардык чыгымдарды 2-тарап көтөрөт.
8. Кошумча шарттар
8.1. Ушул келишим ага кол тамга коюлган жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн учурдан тартып Тараптар үчүн түзүлдү болуп эсептелинет.
8.2. Ушул келишим Тараптар тарабынан бардык милдеттенмелер аткарылганга чейин колдонулат.
8.3. Келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон 3 нускада түзүлдү. Бир нуска жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу органда жана ар бир Тарапта бирден нускадан сакталат.
9. Тараптардын юридикалык даректери жана банктык маалым даректери:
Сатуучу: Сатып алуучу:
____________________ _____________________
кол тамгасы кол тамгасы
М.О. М.О.
Бишкек шаардык кеңешинин
аппарат жетекчиси М. Дж. Алымбеков