БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-январы № 139
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долборлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2023-жылдын 25-апрелиндеги № 83, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Борбордун статусу жөнүндө», «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамдарына ылайык, Бишкек шаарындагы жер участокторго укуктарды түзүү жана берүү тартибин оптимизациялоо жана жакшыртуу максатында, Бишкек шаардык кеңеши
(Преамбула Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
Бишкек шаарындагы көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторду сатып алуу тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо), 1-тиркемеге ылайык;
Бишкек шаарында көп батирлүү үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн мурда ижара шартында убактылуу (мөөнөттүү) пайдаланууга берилген жер участокторун сатып алуу типтүү келишими, 2-тиркемеге ылайык;
Кыргыз Республикасынын Жер кодексин колдонууга киргизүүгө чейин юридикалык жана жеке жактардын пайдалануу укугунда турган жана көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн берилген муниципалдык менчиктин жер участокторунун наркын эсептөө методикасы, 3-тиркемеге ылайык;
Күрөө берүүнүн түрүн, шарттарын аныктоо жана күрөөгө коюлган мүлктүн наркын азайтуу тартиби жөнүндө жобо, 4-тиркемеге ылайык;
Күрөө жөнүндө типтүү келишим, 5-тиркемеге ылайык.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бишкек шаарынын мэриясы:
ижарачылар тарабынан көп батирлүү үйлөр турган жер участокторду (жер участокторду пайдалануу мөөнөттөрү аяктаганга чейин же аяктагандан кийин) сатып алуу боюнча ишти уюштурсун;
(Үчүнчү абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Төртүнчү абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Бешинчи абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Алтынчы абзацы Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
ыйгарым укуктуу орган жыл сайын баалоочулардын же баалоочу уюмдун кызматтарын төлөөгө акча каражаттарын карасын
(Бишкек шаардык кеңешинин 2022-жылдын 9-ноябрындагы № 56, 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.