Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2023-жылдын 1-декабрындагы

№ 622 тескемесине ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ

2020-жылдын 1-октябры № 430

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун маселелери” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду жөнүндөгү жобонун 20-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун коллегия мүчөлөрү болуп төмөнкүлөр бекитилсин:

Калыбаев Майрамбек Макулбекович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

Жумалиев Зайнидин Калидинович

-

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тундук региондор аралык башкармалыгынын начальниги;

Давлеталиев Таалайбек Калыкович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун мамлекеттик резервди эсепке алуу жана контролдоо бөлүмүнүн начальниги;

Мырзалиев Азисбек Темирбекович

-

"Дан" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Наинбаев Чыңгыз Рустамович

-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун стратегиялык талдоо, мамлекеттик сатып алуулар жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2012-жылдын 26-майындагы № 469 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 13-мартындагы № 88 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2013-жылдын 2-декабрындагы № 538 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 21-апрелиндеги № 106 буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2017-жылдын 29-мартындагы № 234 буйругу.

Премьер-министр

К.А. Боронов