Редакцияот 22.04.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин XXIV сессиясы

 

2020-жылдын 22-апрели № 1

Сузак райондук администрациясында түзүлгөн комиссия тарабынан Ленин айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 54,0 (элүү төрт) миң сом акча каражатын тизмеге ылайык, турмуштун оор кырдаалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө ыкчам түрүндө бөлүштүрүү жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXIV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Райондук комиссия тарабынан Ленин айыл өкмөтүнө бөлүнгөн 54,0 (элүү төрт) миң сом акча каражаты тизмеге ылайык, турмуштун оор кырдаалында турган гуманитардык жардамга өтө муктаж болгон үй-бүлөлөргө 800 (сегиз жүз) сомдон турган, бир азык-түлүк топтому (продуктовый пакет) катарында жеткирилип берилсин.

2.    Токтомдун аткаруу жагы каржы экономика бөлүмүнүн башчсы А.Жолдошевага тапшырылсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык Кенешинин төрагасы

М.Кеңешбаев