Редакцияот 29.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы

 

2020-жылдын 29-майы № 6

Жаңы жер участкасынан 400 га жер тилкесин аныктоо жөнүндө

Күн тартибиндеги алтынчы маселе боюнча Ленин айылдык кеңешине төрагасы Кеңешбаев М. чыгып сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Орто-Сай айылынын тургундарынын 27.05.2020-жылы кириш №4 арызы түшкөнүн жана ал маселени чечүү экенин билдирди.

Казакбаев Кубат - жаңы жер участкасынан 400 га жер тилкеси мыйзамсыз бөлүштүрүлүп берилген, ага жер адиси күнөлүү. Бөлүштүрүлүп берилген жер, Орто-Сай айылынын тургундарына тиешелүү, жер адиси өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып мыйзамсыз башкаларга арендага берип койду. Жер адисин кызматтан бошотуу үчүн жабык түрүндө добушка коюуну сунуштайм – деди.

Жогору айтылгандардын негизинде депутатар Казакбаев Кубаттын сунушун кароого киргизүү максатында депутаттар ачык түрүндө добуш беришти.

Макул – 2,

Каршы – 10,

Калыс жок.

Жыйынтыгында депутаттар Мураталиев Б., Тунгатаров А. мыйзам бузуу аракеттерин укук-коргоо органдарына тапшыруу жана Ленин айылдык кеңеши андай иш аракеттер менен укук-коргоо органдары менен биргеликте иш алып баруусун билдиришти.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жер ээлерине 1-сентябрьга чейин мыйзамдуу түрдө такталып берилсин.

2.    Токтомду аткаруу жагы жер адиси Жолдошев К. милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык Кенешинин төрагасы

М.Кеңешбаев