Редакцияот 29.05.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы

 

2020-жылдын 29-майы № 7

Орто-Сай айылында жайгашкан суу сактоочу плотинага тиешелүү 45 га жер тилкеси жөнүндө

Күн тартибиндеги жетинчи маселе боюнча жер адиси Жолдошев К. чыгып сүйлөдү. Орто-Сай айылында жайгашкан 45 га жер тилкеси 26.10.2016-жылы суу сактоочу плотинага жер аянты мөөнөтсүз берилип кеткен, ошол жер аянтын Ленин айыл өкмөтүнүн карамагына кайтарып алуу чечимин кабыл алып берүүңүздөрдү суранам – деди.

Койчуманов Б. – ал жер тилкесин кайтарып алуу үчүн колго салалы. Эгерде колдоо табылбаса эч кимге зыяны тийбейт.

Жогору айтылгандардын негизинде депутатар жер адис Жолдошев Кадырбайдын сунушун колдоо максатында депутаттар ачык түрүндө добуш беришти:

Макул – 8,

Каршы – 9,

Калыс жок.

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXV сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Орто-Сай айылында жайгашкан 45 га жер тилкеси суу сактоочу плотина менен 26.10.2016-жылы түзүлгөн №15 токтому күчүндө деп белгиленсин.

2.    Токтомду аткаруу жагы жер адиси Жолдошев К. милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

Ленин айылдык Кеңешинин төрагасы

М.Кеңешбаев