Редакцияот 05.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы

 

2017-жылдын 5-июну № 4

 Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы  корукчуларга жазгы, күзгү корукка  бир айга эмгек акы чечип берүү жөнүндө

 Атай айылдык кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Ташматовдун сунушун угуп жана талкуулап

 Атай айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезексиз ХI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Атай айыл өкмөтүнүн аймагындагы Көк-Жар , Чоң-Дөбө , Уй булак участкаларынын корукчуларына жазгы айдап –себүү жана оруп -жыюу мезгилине бир айга 5,0 ( беш миң ) сомдон эмгек акы төлөнүп берилсин.

2. Жергиликтүү бюджеттен 22154900 беренесинен 30,0 (отуз миң ) сом акча каражатын бөлүп берүү айыл өкмөтүнүн фин.экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловго милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Атай айыл кеңешинин план-бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

Атай айылдык Кеңешинин төрагасы

У.Шерипов