Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 5-февралындагы № 35 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

2000-жылдын 21-январы № 37

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

1993-жылдын 23-апрелиндеги № 173 "Кыргыз Республикасынын

граждандарынын айрым категорияларын аскердик анык

кызматка чакыруудан кийинкиге калтыруу жөнүндөгү"

токтомуна толуктоо киргизүү тууралу

 

"Кыргыз Республикасынын граждандарынын жалпы аскерге милдеттүүлүгү жөнүндөгү"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-статьясына ылайык Кыргыз  Республикасынын Өк-

мөтү токтом кылат:

Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  1993-жылдын  23-апрелиндеги № 173  токтому

менен бекитилген күндүз окуган студенттери менен аспиранттары  аскердик  анык кыз-

матка чакыруудан кийинкиге калтырылган Кыргыз Республикасынын жогорку  окуу жайла-

рынын Тизмесинин "Институттар" бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзацтар  менен толуктал-

сын:

"Бишкек мамлекеттик экономика жана коммерция институту;

Жалал-Абад мамлекеттик техникалык институту;

Эл аралык Славян институтунун Бишкектеги филиалы".

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри                                  А.Муралиев