Редакцияот 25.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А. Масалиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

 

2017-жылдын 25-декабры №14/1

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018–жылга бюджетин бекитүү жана 2019-2020 жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө

 

А.Масалиев айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибинде маселе боюнча Кыргыз Республикасынын 2016–жылдын 16-майындагы №59 «Бюджеттик Кодексинин» негизинде түзүлүп, бюджет жана экономика комитетинде каралып, талкуулангандыгын эске алып, экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчинин билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык Кенеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018 – жылдын бюджети киреше булагы кошумча алымчасы менен 19372,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 19372,1 миң сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2019 – жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 19660,1 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 19660,1 миң сомго № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2020 – жыл үчүн негизги параметрлеринин болжолу менен киреше бөлүгү 19612,2 мин сомго жана чыгаша бөлүгү 19612,2 миң сомго №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.

4.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018 – 2020-жылдар үчүн атайын каражаттар эсебине кирешелер жана чыгашалар бөлүгүнө 1879,2 миң сом № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5.    Чыгымдарды каржылоо биринчи кезекте корголгон беренелерге жүргүзүлсүн.

6.    Бюджеттик жана атайын каражаттарды казыналыкты айланып өтүү менен иштетүүгө тыюу салынсын.

7.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2018 – жылга түзүлгөн бюджетинин жумшалышын, сарамжалдуу, максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы – башкы эсепчи А. Мадумаровко тапшырылсын.

8.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловко жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

С. Абдурахманов