Редакцияот 25.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А. Масалиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

2017-жылдын 25-декабры №14/6

 

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

А.Масалиев айыл өкмөтүнүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы–башкы эсепчи А.Мадумаровдун бюджеттин киреше жана чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    А.Масалиев айыл өкмөтүнүн  2017-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө № 1 тиркемеге ылайык өзгөртүү киргизилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

С. Абдурахманов