Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А. Масалиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

2017-жылдын 17-июлу №10/7

А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн аймагынан маданият үйүнүн айланасына жеңил типтеги конструкцияда курулуш куруу жөнүндө

 

А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги маданият үйүнүн алдындагы жер тилкесине жеңил типтеги конструкциядагы курулуштарды куруу жөнүндө айыл Өкмөтүнүн сунушун айылдык Кеңеш сессиясы карап чыгып

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    А.Масалиев айыл Өкмөтүнүн аймагында жайгашкан муниципалдык менчиктеги маданият үйүнүн жер аянтына  жеңил типтеги конструкциядагы курулуштарды куруу үчүн 0,12га жер тилкеси берилсин.

2.    Иш кагаздарын даярдап берүү жагы айыл Өкмөтүнө жана Райархитектура башкармалыгына сунушталсын.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңеш алдындагы жер комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

С. Абдурахманов