Редакцияот 01.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

А. МАСАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

А. Масалиев айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2017-жылдын 01-ноябры №12/6

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кадамжай башкармалыгынын 2017-жылдын 4-сентябрындагы № 02-39 /196 каты жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап А.Масалиев айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Электр энергиясын пайдаланууда каржылык тартипти бузгандыгы үчүн тийиштүү кызматкерлерге эскертүү берүү жагы айыл өкмөт башчысы Д.Маматкуловго жүктөлсүн.

2.    Электр энергиясын бекитилген лимиттен ашыкча пайдаланса сумманы  жооптуу кызматкер өз эсебинен төлөөсү эскертилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

С. Абдурахманов