ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орозбеков айылдык кеңешинин VI чакырылышынын VII сессиясы
2017-жылдын 28-марты №39
Орозбеков айыл аймагынын Кулду айылынын Кызыл Мазар участкасынын тургуну У.Темировдун “Скважина казып,трансформатор орнотуу үчүн 200 ч.м. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү” кайрылуу каты жөнүндө
Кун тартибиндеги маселе боюнча Орозбеков айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орозбеков айыл аймагынын Кулду айылынын Кызыл Мазар участкасынын тургуну У.Темировдун кайрылуу катына негиз,элдерди суу менен камсыз кылүү үчүн өз каражаты менен скважина казып,трансформатор орнотууга 200 ч.м.жер аянты ажыратылып берилсин.
2. Ажыратылган жер аянтын мыйзам чегинде трансформациялап,иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | И. Мадеминов |
|
|